«Мен Кыргызстанда бизнесмендерди кайра-кайра текшерип, пара талап кылбастан, аларга өлкөнү багып жаткан адамдар катары мамиле жасалган маанайды жаратууга ар дайым умтулуп келгем», — деди ал.
Мамлекет башчы биз региондо бизнес эң мыкты корголгон өлкө болуп, бизнес Европадагыдай корголушун тилек кыларын билдирди.
Жакынкы күндөрү ишкерлерди колдой турган фон ачылары күтүлүүдө жана ал боюнча бир мамлекет менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Эске сала кетсек, бүгүнкү күнү Кыргызстанда кыргыз-орус фонду иш алып барат, ал ишкерлер үчүн 1,5 млн сомго чейинки насыя берет.
Учурда Индия it технологиялар тармагында алдыда бара жаткан өлкөлөрдүн катарында. Кыргызстанга дал ушул тармак боюнча инвестиция келиши мүмкүн. Ал эми айыл-чарба тармагын каржылоо боюнча сүйлөшүү ишке ашырылган.