Анын ичинде:
- теңдөөчү трансферт иш жүзүндө 320 млн 665,2 миң сом суммасында каржыланды;
- максаттуу трансферттер иш жүзүндө 160 млн 420,7 миң сом суммасында каржыланды, анын ичинен:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы №530 токтомуна ылайык Ош шаарынын мэриясынын «Ош жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук энергиясы менен камсыздоосуна байланышкан компенсациялык чыгымдарга – 36 млн сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомуна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын жогорулатууга – 62 млн 717,9 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 «Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» токтомуна ылайык электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн акы төлөө учурунда 50 % өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө – 45 млн 460,6 миң сом;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бөлүп берүүгө республикалык бюджеттен 16 млн 242,2 миң сом бөлүнүп берилди.
Тактоо иретинде айта кетсек, теңдештирүүчү гранттар – туруктуу социалдык-экономикалык абалды сактоо максатында минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер.
Өз ара эсептешүүлөр боюнча бир бюджеттен экинчи бюджетке берилүүчү каражаттар төмөнкү учурларда каралат: