КРнын Финансы министрлиги «Экономика» гезитинин мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча айыл чарбасы тармагына 2016–2017-жылдары келип түшкөн гранттар боюнча суроосуна жооп берди.
Аталган министрликтин маалыматына ылайык, 2016-жылы «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана тамак-аш жакшыртуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда 38,0 млн АКШ доллар суммасындагы грант берүү жөнүндө келишимине кол коюлган. Анын ичинде 2016-жылы 2,0 млн АКШ доллар каражаты колдонулду. 2017-жылдын 8 айында 963,0 миң АКШ доллар каражат колдонулду.
2017-жылы «Сүт тармагын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоору боюнча (2,250 млн АКШ доллары грант) жана «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору боюнча (12,7 млн АКШ доллары грант) келишимдерине кол коюлду.