• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

77 миң кыргызстандык Россиянын кара тизмесинде

img_3240

👁 2,428

Бишкек бийлиги Россиянын кара тизмесине киргендер боюнча Москвага кайрылууда. Мамлекеттик миграция кызматы кандайдыр бир себептерден улам Россиянын Федералдык миграция кызматынын кара тизмесине кирген кыргызстандыктардын санын кыскартуу үчүн бир катар сунуштарды берүүдө.

Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын кара тизмесине түшүү себептери

Федералдык миграциялык кызматынын кара тизмеси – 2013-жылы пайда болгон расмий документ. Ага Россиянын аймагында жүрүп административдик жана кылмыш кодексин бузгандар же каттоого өз убагында турбагандар кирет. Россияга сапар алган эмгек мигранттарга кара тизмеде бар же жок экенин Федералдык миграциялык кызматтын сайтынан

текшерип алуу сунушталып келет.

Патенттин убактысы өтүп кетсе, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду төлөбөсө да кара тизмеге кирип калуу коркунучу бар экенин Борбор Азиядан келген мигранттар менен иш алпарган Дмитрий Копылов билдирди. «Негизи бул адамдарды издешпейт деле, бирок полиция кызматкерлери рейд жүргүзүп, текшерген учурда билинип калышы толук ыктымал. Бирок Россиядан башка жакка чыгуу үчүн чек араны кесип өтүү учурунда бул нерсе ачыкталат дагы, Россияга кирүүгө тыюу салынат»,-деди ал.

Өздүгүн алмаштыруу практикасы

Айрым учурларда мигранттар кара тизмеде экенин текшерүү учурунда гана билишет дагы депорт болуп кетишет. Бирок мекенине келип, аты-жөнүн өзгөртүп жаңы паспорт алып, Москвага жол тарткандар да бар.

Азыр биометрикалык маалыматтарды киргизгенден бери баары өзгөрдү. Эгерде бармак изи базада болуп, бирок мигранттын фамилиясы башка экени аныкталса, анда аны олуттуу чаралар күтүп турат.

Москвада көптөн бери иштеп жүргөн жана диаспора менен дайыма байланышын үзбөгөн мигрант, учурда кара тизмеге кирген мигранттар бул маселени дагы деле өздүгүн өзгөртүү менен чечип келе жатышканын билдирди. «Менин көптөгөн тааныштарым кара тизмеге түшүп калышыптыр, айрымдарына 3 ай, кээ бирлерине 6 ай, башкаларына 5 жыл Россияга кирүүгө тыюу салынган. Бирок алар үйүнө барышып, башка фамилияга өтүшүп кайрадан кайтып келишүүдө. Бул иш Кыргызстанда бир жумада эле жасалат»,-деди ал.

Кара тизмедеби же жокпу…

Өткөндө бирөө мындай окуя айтып берди. Анын тууганы 3 жыл Москвада иштеп, бир айга эмгек өргүүсүн алыптыр. Кайрадан Москвага билет алып жатып кара тизмеде экенин билген.

Ошентип ал бир жумада 15 миң сомго жаңы паспорт жасатып, Москвага келип, ишин улантууда.

Россияда жана КМШнын башка өлкөлөрүндө дагы маселени пара берүү жолу менен чечсе болот. Мисалы, дагы бир жаран каттоосун узартпаганы үчүн кара тизмеге түшүптүр. Ал үйүнө кетип бир ай жүрүп, бирок кайра эле эски паспорту менен Россияга келиптир дагы 1 жылдык каттоону эч кандай тоскоолдуктарсыз эле алыптыр. Домодедоводон анын паспортун текшергендер федералдык миграция кызматына кабарлашарын билдиришкен. Бирок ал 3 миң рубль пара берген соң маселе чечилген. Андан кийин «Марьина роща» метросунан дагы текшерип, кармап кетишип, бирок базадан аты-жөнү чыкпагандыктан кое беришкен. Мындай иштер кантип болуп жатканы белгисиз.

Мигрант расмий түрдө кара тизмеден кантип чыга алат? 

Федералдык миграциялык кызматтын кара тизмесинен чыгуунун расмий жолу да бар. Мигрант бир катар документтерди чогултуп, Россиянын Федералдык миграциялык кызматына жана өз бийлигинин атына арыз жазуусу керек. Биздин өлкө Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү болгондуктан Кыргызстандын жашоочулары үчүн кара тизмеден чыгуу суранычын жөнөтүү жана уруксат алуу алда канча жеңил. Практика жүзүндө карай туган болсок тажиктер жана өзбектер депортациялоого көп туш болушат.

КРнын Мамлекеттик миграциялык кызматынын маалыматына ылайык, 2015-жылы 180 миң кыргызстандык кара тизмеде болсо, 2017-жылдын 1-январында алардын саны 110 миңге жеткен, ал эми 2018-жылы-77 миң.

Өз кезегинде «Миграция XXI кылым» фондунун президенти, Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын директорунун мурдагы орун басары Вячеслав Поставнин кара тизмеден чыгууда өзбектерге жана тажиктерге салыштырмалуу Кыргызстандын жарандарына жеңилдиктер берилери тууралуу маалыматка ээ эмес экенин билдирди.

Миграциялык футбол

Кара тизмедеги эмгек мигранттар боюнча дагы бир маселе бар. Акыркы жумада кыргыздардын көбү кара тизмеге түшө баштаган. Бул жакында Россияда болчу Футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна байланыштуу окшойт. Апрелдин аягынан баштап футбол болуучу шаарларда каттоого туруу эрежелери өзгөрөт. Мигранттар мурда бир жылдык каттоо алып келишсе эми мындай болбойт. Туристтер үчүн гана кыска мөөнөттүү каттоого туруу мүмкүн.

Кыска мөөнөтүү каттоо жумушка орношууга кепилдик бербейт. Аны менен жумушка алышпайт. Кыргызстандыктар Федералдык миграциялык кызматы менен байланышып, апрелге чейин каттоого туруп калуу үчүн ортомчуларды издешүүдө. Ортомчулар акчасын алып (5 миң рубль) документ жасоого жардамдашчу биздин мекендештерибиз.

Чемпионатка байланыштуу россиялык органдар кара тизмеден сырткары миграциялык агымды азайтуунун башка бейрасмий жолдорун дагы колдонушууда. Тажикстандан жана Өзбекстандан келген мигранттар каттоого туруу үчүн баардык процедураларды өткөндөн кийин патент берүүдөн баш тартышып, анын себебин түшүндүрүшпөй эле. «Алар уруксат кагазынын мөөнөтүн өткөрүп жибербеш үчүн жана кара тизмеге түшүп калбайлы дешип кайра артка кетүүгө аргасыз болушууда»,-деди Вячеслав Поставнин.

Кыргыз мигранттары – саясий маселе

«Ооба Чемпионатка жакын масштабдуу рейддер өткөрүлүп, мигранттарды депортация кылышат. Мындай чектөөлөр бир жыл мурун Конфедерациялар Кубогу өткөндө да болгон. Ошол маалда өлкөгө келгендер бир сутка ичинде каттоого туруусу зарыл деп жарыяланган, бирок кийин ал мөөнөттү 3 күнгө чейин узартышкан»,-деди Вячеслав Поставнин.

Ал эми кыргыз бийлигинин өз жарандарын кара тизмеден чыгаруу боюнча аракети (бул маселе 30-мартта Москвада өтө турган ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин жолугушуусунда талкууланат) Россиянын көздөгөнүнө төп келбейт. Себеби РФ Борбор Азиядан келген миграциялык агымды азайтуунун аракетин көрүүдө.
«Бул Дүйнө Чемпиондугуна гана байланыштуу эмес, бул террористтик актыларга да байланыштуу болууда. Азыр акыркы сөз ИИМде, ал министрлик болсо өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен баш оорутпайт, мигранттарды бөлүштүрүү механизмдери менен иш алпарбайт. Бирок бул саясий маселе жана Москва менен Бишкектин ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрүүсү керек. Ошондо гана балким Москва кепке келип кара тизмеге киргендердин санын кыскартат»,-деди «Миграция XXI кылым» фондунун президенти.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости