• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстанда технопарк түзүлөт

4l7a3690

👁 1,510

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиевдин Эстониялык интеллектуалдык менчик жана технологиялар трансфери борборунун (EIPTTC) директору Мариус Кунингас жана саясат жаатындагы негизги эксперт Кристиан Гессл менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу темалары, анын ичинде технопарктарды түзүү боюнча кызматташуунун маселелери талкууланды.

Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев инновацияларды өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер жана чаралар жөнүндө, анын ичинде Кыргызстандын ЖОЖдорунда технопарктарды түзүү боюнча өткөрүлгөн конкурс жөнүндө айтып берди. Анын сөзү боюнча ушул долбоорго ылайык резиденттер университеттик технопарктарда илимий-агартуучу мекемелеринин инновациялык базасындагы иштелмелеринин атаандаштыкка жөндөмдүү продукциясын чыгарууну иш жүзүнө ашыра алышат.

Кристиан Гессл мырза донордук каражаттарды издеп табуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, ишмердүүлүгү ушуга окшогон долбоорлорду колдоого багытталган эл аралык компаниялар жөнүндө баяндады. Ошондой эле долбоорлор рынокко багытталышы керектигин белгиледи.

EIPTTC директору М. Кунингас технопарктардын орун алган жеринин ролу маанилүү экендигин айтты, анткени рыноктун муктаждыгын эске алуу менен сатуу рыногунда андан ары аны сатып өткөрүү үчүн ыңгайлуу болушу керек. Кунингас мырза университеттерде эстондук технопарктардын ишмердүүлүгүн эске алган интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу маселелери боюнча тегерек столдо талкуулоого катышуу максатында май айында Тарту технопаркынан делегация келе тургандыгын белгиледи.

Тараптар Кыргызстанда мындан ары инновацияларды бир кыйла жакшыртууга кызмат кыла турган, технопарктарды түзүүдө конкреттүү максаттарга жетүү боюнча биргелешкен аракеттерди тастыкташты. Эксперттер Кыргызстанда технопарктарды түзүүгө колдоо көрсөтүү маселелери боюнча донорлор жана мамлекеттик органдар менен бир катар жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырууда.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости