Борбор Азиядагы тоолор табигый байлыгыбыз болуп саналат, бирок ал жактарда чакан жана орто бизнес өнүккөн эмес. Абалды өзгөртүү үчүн жашылча-жемиш өстүрүү керек, дал ушул жашылчалар алыскы аймактарда тартыш экени чындык.
Тоолуу аймактарда климаттык шарт жок экенин эске алуу менен (кургакчыл жай, узак жана суук кыш, абанын нымдуулугунун аздыгы) күнөсканага жашылча жемиштерди өстүрсө киреше көп болуп, айылдыктар мал этинен көз каранды болбо калышмак. Күнөскана төмөнкү максатта курулат: фотосинтез процесси тиешелүү көлөмдө болушу үчүн жана микроклимат жыл бою жашылча өстүрүүгө ылайык болуусу үчүн күн нурун кармап, жылуулукту сактоо.
Франциянын GERES коомдук уюмунун агроному Marie Panarine жана күнөсканаларды куруу боюнча адис Samuel Martin Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарын көрүшүп, Кыргызстанда каркас жасалып, пленка менен жабылган күнөсканалар аз экенине күбө болушкан. Мындай күнөсканалардын ээлери гүл өстүрүп келишет жана кышкысын 1 күнөскана 7 тонна көмүр керектерин айтып келишет. Ошондой эле ылайдан курулган күнөсканалар дагы бар. Ивановкада жана Кантта 8 Х 100м аянтты ээлеген күнөсканалар орун алган. Алардын батыш жана түндүк жагындагы дубалдары ылай менен курулса, түштүк тарабы жана чатыры металл каркасы. Француздар дубалдар өтө калың экенин жана алар жылуулукту сыртка чыгарарын айтышты.
“Мындай учурда мыкты, сыноодон өткөн ыкмага кайрылуу керек. GERES Индия (Лахауи, Спити, Ладах , деңиз деңгээлинен 3500м бийик, кышкы температура –20°C), Кытай (Цинхай провинциясы), Ооганстандын тажрыйбасын үйрөнүүнү сунуштайт. Бул жерлерде GERES аркылуу күнөсканалар тууралуу алышкан билимдеринин натыйжасында тургундар кыштын кыраан чилдесинде салат, шпинат, сабиз, помидор өстүрүшөт”,-деди «БИОМдун» адиси Илья Меляков.
Күн күнөсканасы күндүн энергиясын сактайт жана бир күн бою дубалдарга сиңген энергия түнкүсүн күнөскананын ичин жылытып турат жана өтө ысык болуп кетүү коркунучу дагы жок болот. Гималайда күн күнөсканалары үч негизги бөлүктөн курулат: чыгыш, батыш жана түштүк тараптары дубал болот дагы, түштүгүнөн жыгач каркас коюлуп, пленка менен жабылат. Чатыры дагы пленка болот.
Маалымат үчүн: Күнөскананын конструкциясы күнөскана курулуучу жай деңиз деңгээлинен канча метр бийиктикте экенинен көз каранды болот. Түштүк тарабынан күн баардык жерге жалпы тийиш үчүн түштүгү узунураак болот. Чыгышка жана батышка багытталган дубалдары кыска болот, себеби көлөкө түшүрбөөсү керек. Күн күнөсканасы күндүзү күндүн энергиясын топтоп, түнкүсүн аны кайра берип турат.
Аталган күнөсканадан Чүйдө 4 даана бар. Мындай күнөсканалардын баасы эгерде нөлдөн баштап курса 100 миң сомго чыгат. Бирок көпчүлүк учурда колдо бар материалдар кетет (эски жыгачтар, түтүктөр). Негизги чыгым – кытай пленкасы, 1 кг же 10 м2 пленка 4$. Саматбек Туляков курулуш материалдарынын 60%ын үйүнөн эле тапкан жана өзү курган.
Бирок жашылчаларды өстүрүүдө орточо эффективдүүлүк өтө суук климатта 0,8 кг/м2, ал эми суук климатта 1,4 кг/м2.
Күнөскананы куруу баасы өтө жогору эмес, себеби ылай, саман сыяктуу материалдар колдо бар. Бул чыгым 3 жылга жетпей эле жабылат.
Маалымат үчүн:
Дубалдар 3 каттан турат. Ички каты ылай кирпичтен болсо, андан кийинки катмары саман, таарынды кошулуп жасалып, дубалды ички бөлүгүнүн батыш тарабы акталат. Ал эми чыгыш тарабы кара түскө боелот. Себеби түштөн ооп калганда күндүн жылуулугун сакташы керек. Ал энергия түштөн кийин кайра күнөскананын ичин жылыта баштайт. Ичинин ылдыйкы бөлүгүнүн түндү тарабы (болжол менен полдон 60 см) акталат, ал эми жогорку жагы кара түскө боелот. Чатыр дагы 35° кыйшайтылып жабылат. Себеби жайында күн ачуу тийгенде күнөскананын ичи өтө ысып кетпеши керек.
Полиэтилендин ылдыйкы бурчу минимум 50° болот, ал эртең менен эрте жана кечинде күн нурун өткөрүп турууга багытталган. Ал эми ылдыйкы бөлүгү 25°, ал түш ченде нурду өткөрүү жана кардан тазалоого оңтойлошкон. Күн киргенден кийин полиэтилен толугу менен жабылат дагы жылуулукту жоготуудан сактайт.
Пригородныйда ладакх үлгүсү боюнча күнөскана курулган. Тышкы дубалын жылытуу үчүн камыштар колдонулган. Мындай күнөсканада күндүзү температура 30 градус, ал эми түнкүсүн 0 градустан түшпөйт. Бул тамакка кошулуучу чөп-чарларды редисканы өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Буга кошумча күнөскана ээси меш коюп алып, бадыраң жана помидор өстүрүп келет.
Ново-Покровка айлында дагы ладакх үлгүсү боюнча курулган күнөсканалар бар. Күнөскана ээси Зоя Сазоновна Тараненко бир мезилде 18–19 миң сом тапкан, ал эми жазында көчөт сатуудан 2 айда 25 миң сом тапкан.
Учурда ата мекендик ишкерлер кол куушуруп отурган жери жок, мисалы, Балыкчы шаарында жер алдына күнөскана курулган. Караколдун ботаникалык багында дагы бул экспериментти андан ары улап, сынап көрүшүүдө.
Ирина Байрамукова