Докладда азык-түлүк жетишсиз болуп, ачкачылык болгону калктын жашоосуна коркунуч алып келери жазылган.
Гуманитардык маселелер боюнча жыл сайын эл аралык өнөктөштөр тарабынан түзүлчү тизме (толук тизме төмөндө) Европа биримдиги, БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан РИМде өткөн БУУнун мүчө-өлкөлөрүнүн брифингинде талкууланды.
Докладда белгиленгендей, азык-түлүк кризиси конфликттерден, оор климаттык шарттардан, экстремалдык климаттык кырдаалдардан улам келип чыгат.
Негизги себепкерлер – конфликттер жана климаттын өзгөрүүсү
18 өлкөдө азык-түлүктүн жетишсиздиги конфликттерден улам келип чыгууда, алардын 15и Африкада же Жакынкы Чыгышта жайгашкан. Бул дүйнөдөгү азык-түлүк жетишсиздигинин негизги себеби жана 74 миллион адамды өзүнө камтып турат.
Конфликттер, өзгөчө кырдаалдар жана башка себептер өтө татаал кризистердин өнүгүүсүнө алып келет жана адамдардын жашоосун бузууда.
Бүтүндөй бир коомчулуктар ошондой эле көбүнчө балдар жана аялдар былтыркы жылга салыштырмалуу кошумча тамак-ашка муктаж жана бул тенденциядан чыгуу үчүн узак мөөнөттүү чечимдерди кабыл алуу зарыл.
Алдыда татаал жол
2018-жылдагы азык-түлүк кризисинин негизги себеби конфликттер болушу ыктымал. Ал Афганистанга, Борбордук Африка Республикасына, Конгого, Нигериянын түндүк-чыгышына, Чад көлүнүн аймагына, Түштүк Суданга, Сирияга, Йеменге, Ливияга жана борбордук Сахелге (Мали, Нигер) тиешелүү экендиги докладда жазылган.
Ал ортодо аба-ырайынын кургакчыл болушунан улам Сомалинин жайыттуу райондорунда, Эфиопиянын түштүк-чыгышында, Кениянын чыгышында жана Батыш Африка өлкөлөрүндө, Сахарадан түштүккө кеткен өлкөлөрдө, Чадда, Нигерде, Малиде, Сенегалда, Мавританияда жана Буркина Фасодо дагы айыл-чарбасы жана мал-чарбачылыгы аксап калары жазылган.
Керек болгон чаралар
Азык-түлүк кризистери тууралуу глобалдуу доклад бир нече булактардан алынган аймактык жага улуттук маалыматтардан турат жана айрым өлкөлөрдөгү азык-Анализ көрсөткөндөй, тиешелүү гуманитардык жардамдар туруктуулукту камсыз кылуу үчүн кризистин алгачкы стадияларында берилиш керектиги жазылган докладда.
Докладдагы негизги учурлар:
“Ачкачылык жана азык-түлүк жетишсиздиги дүйнөдөгү миллиондогон адамдардын жашоосуна коркунуч туудурууда. Техногендик катастрофалардын жана стихиялык жакырчылыктын алдында биз азык-түлүк кризистерине стратегиялык, глобалдуу жооп кайтаруубуз зарыл. Глобалдык доклад гуманитардык жардам көрсөтүүнүн негизги куралы болуп саналат жана практикада өнүгүүгө багытталып, ачкачылык менен күрөшүүдө бизге колдоо көрсөтөт”,-деди ЕБнын гуманитардык жардам жана кризис башкаруу боюнча комиссары Христос Стилианидис.
Эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча ЕБнын комиссары Невен Мимица: “Азык-түлүк кризистери барган сайын күч алып, көпкө созулат жана миллиондогон адамдардын жашоосун талкалайт окшойт. Бул Глобалдуу докладда азык-түлүк кризистери тууралуу глобалдуу масштабда биргеликте анализ жүргүзүлдү. Мен бул кадамды толугу менен колдойм”-деди.
“Эгерде ачкачылыкты нөлгө жеткиребиз десек, анда биз ачкачылык менен конфликттин ортосундагы байланышты карап чыгуубуз керек. Азык-түлүк коопсуздугуна инвестиция кылуу жана конфликттер учурунда каражаттын болуусу адамдардын жашоосун сактап калат жана тынчтыкты камсыз кылат”,-деди ФАОнун генералдык директору Жозе Грациану да Силва.
.