• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

5 ай аралыгында республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 2 млрд сомдой бөлүндү

👁 373

2018-жылдын январь-майында «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019–2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 1 млрд 939 млн сом суммасында бюджет аралык трансферттер бөлүнүп берилди.

Анын ичинде:

- теңдөөчү трансферт иш жүзүндө 814 млн сом суммасында каржыланды;

- максаттуу трансферттер иш жүзүндө 1 млрд 125 млн сом суммасында каржыланды, анын ичинен:

- жергиликтүү бюджеттердин түшпөй калган кирешелеринин ордун толтурууга жана финансылык айырмачылыктарын жабууга 788,6 млн сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы №530 токтомуна ылайык Ош шаарынын мэриясынын «Ош жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук энергиясы менен камсыздоосуна байланышкан компенсациялык чыгымдарга – 48 млн сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомуна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын жогорулатууга – 158,2 млн сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 «Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» токтомуна ылайык электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн акы төлөө учурунда 50 % өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө – 90,3 млн сом;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө республикалык бюджеттен 39,9 млн сом бөлүнүп берилди.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости