2018-жылдын январь-майында «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019–2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 1 млрд 939 млн сом суммасында бюджет аралык трансферттер бөлүнүп берилди.
Анын ичинде:
- теңдөөчү трансферт иш жүзүндө 814 млн сом суммасында каржыланды;
- максаттуу трансферттер иш жүзүндө 1 млрд 125 млн сом суммасында каржыланды, анын ичинен:
- жергиликтүү бюджеттердин түшпөй калган кирешелеринин ордун толтурууга жана финансылык айырмачылыктарын жабууга 788,6 млн сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы №530 токтомуна ылайык Ош шаарынын мэриясынын «Ош жылуулук менен жабдуу» муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук энергиясы менен камсыздоосуна байланышкан компенсациялык чыгымдарга – 48 млн сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомуна ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын жогорулатууга – 158,2 млн сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 «Бийик тоолуу жана алыска барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө» токтомуна ылайык электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн акы төлөө учурунда 50 % өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө – 90,3 млн сом;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө республикалык бюджеттен 39,9 млн сом бөлүнүп берилди.