Регулятивдик реформа боюнча Кеңештин кезектеги жыйынында буга чейинки Кеңештин жыйынындагы Протоколдорду аткаруунун жыйынтыктары каралып, ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаларды оптимизациялоо боюнча үчүнчү топтом талкууланды.
Вице-премьер-министр Олег Панкратов Регулятивдик реформа Өкмөттүк бардык стратегиялык документтерине киргизилгенин өзгөчө белгиледи.
«Бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга жана мамлекеттик органдардын ишин оптимизациялоого бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек. Ишкердик чөйрөсүнө багытталган бардык укуктук-нормативдик актыларды инвентаризациялоо базар экономикасындагы мыйзам базаларын эффективдүү жөнгө салууга алып келет», — деп баса блгиледи Олег Панкратов.
Вице-премьер-министр регулятивдик реформа башталгандан бери, эки жыл аралыгында алгылыктуу иштер аткарылганын билдирди. «Кеңеш тарабынан өзгөртүүгө сунушталган 137 ЧУА, 99 Өкмөттүн чечими бар. Бул 73% биз тараптан жактырылган», — деди Олег Панкратов.
«САР» регулятивдик реформа долбоору боюнча бөлүмдүн башчысы Нурмамбет Токтоматовдун маалыматында, үчүнчү топтом 251 ченемдик-укуктук актынын сунуштарын камтыйт.
“Алардын ичинен 47 ченемдик-укуктук актылардын күчүн жоготту деп таануу сунушталууда, ал эми 67 ЧУАга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл. Буга кошумча 225 административдик процедуралар боюнча сунуштамалардын пакети берилүүдө», – деди Нурмамбет Токтоматов.
Мындан тышкары ал жогоруда көрсөтүлгөн реформа Кыргызстандын «Doing Business» рейтингиндеги көрсөткүчүн көтөрүүгө оң таасирин тийгизерин билдирди.
“Эл аралык соода-сатык» көрсөткүчү боюнча Кыргыз Республикасынын 13 багыттагы көрсөткүчүн көтөрүүсү күтүлүүдө. Жалпысынан өлкөлөр боюнча көрсөткүчтө рейтинг 75тен 71ке көтөрүлгөн”,-деп баса белгиледи аткаминер.
Ишкердик тармакты жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардын базасын оптимизациялоо боюнча сунуштамалардын үчүнчү пакети айтылган сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен бекитүү чечими кабыл алынды.