45–50 жаштан жогорку адамдардын бизнес жүргүзүүдөгү укуктарын коргоо шарттарын түзүү темасы Россиянын “Бизнес үчүн күмүш экономика” деп аталган инвестициялык форумунда талкууланды.
“Бизде ишкерликти өнүктүрүү боюнча көптөгөн программалар бар, алар жаштарга багытталган, бирок улуулар үчүн түзүлгөн программалар жок”,-деди Россиянын экономикалык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Олег Фомичев.
Анын айтымында, адамдардын бул категориясына көңүл буруу керек, себеби Россия “демографиялык аңга” түшүп бара жатат, эмгек рыногуна чыккан жаштардын саны азайып, 45 жаштагы калктын саны өсүүдө.
“Күмүш экономиканын мууну – бул тажрыйбасы бар, социалдык капиталы чогулган адамдар. Көбүнесе аларда каржы ресурстары бар”,-деди Олег Фомичев.
Ошондой эле ал бул муун санарип доорго өтө берилбегени менен айырмаланып турарын кошумчалады. Мындан сырткары бул муундагы адамдар тез эле киреше таба калууну көздөбөйт. “Эгерде бул адамдар ишкер болуусун кааласак алар өз ишин баштоосу үчүн шарт түзүп берүүбүз керек”,-деп кошумчалады ал.