• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жеке менчик аскер бөлүгүнө кантип кирсе болот?

dsc_9939

👁 1,929

Жакында бир таанышым менен жалданып иштегендер тууралуу талашып калдык. Бул тема кандай жагдайда жаралып калгандыгын билбейм, бирок Россия жана Батыш єлкєлєрїнїн мисалында менчик аскердик компания (МАК) уюштуруу мїмкїнчїлїгїнє токтолдук. Мен їчїн бул кызыктуу болуп, ошондуктан єзїм їчїн МАК деген эмне экендигин жана аны Кыргызстанда уюштуруу мїмкїнчїлїгї бар же жок экендигин билгим келди.

Болбойт бекен? Эмнеге аларда мїмкїн да, бизде жок? Эгер сырттан карасак, бизде жумушсуздук жана башка толгон-токой кєйгєйлєр толтура. Алар тууралуу айта берип тилибиз тешилди, себеби маселени чечїї кыйын, деги ким чечет? Кризис эбак эле келген жана кайра кеткиси келбейт, їй-бїлєнї багыш керек да, адистик жок, андыктан сыртка чыгып гана иштеп келїї керек. Ал эми мигранттардын негизинен бара турган мамлекети Россия. Бирок ал жакта да толтура кєйгєйлєр тосуп алат. Тилекке каршы бул да маселенин чечилиши эмес. Канча мигранттарыбыз жумуш таппай, жолу болбой кайтып келишти. Анын себептери ар кандай: тил билбеген кыйынчылыктардан тартып, «кара тизмеге» тїшїп калганга чейин. Албетте, эч ким куру кол кайтып келгиси келбейт. Кєпчїлїк учурда сыртка жумуш издеп эркектер кетишет: курулушчулар, ширетїїчїлєр, кыскасы кайсы бир кесиптин ээлери. Єлкєдє туруктуу жумуш жок. Анткен менен жашоо їчїн каражат табууга ар ким мажбур болот. Ал эми кээде ИГИЛ їчїн легалсыз согушуп акча иштеп таап келсе болот деген кїтїлбєгєндєй сунуш болуп калышы да мїмкїн.

МААЛЫМАТ ЇЧЇН:
Менчик аскердик компанияга иштєє укугуна ээ болгон кызматкерлердин – кесипкєйлїк жана жеке инсандык сапаттары:
Албетте, кєчєдє жумуш издеп жїрїп кокус жолуккан адам же кампада кароолчу болуп иштеген пенсионер МАКка кире албайт. Мындай ишке талапкерлер їчїн тиешелїї талаптар бар – ал жеке дене тїзїлїшїнєн тартып, психологиясына чейин (жєндємдїїлїктєрїн айтпаганда деле).

Бул мындай эмес деп мурдуўузду кашып тим болуп, айласыз баш ийесиз! Мурдагы союз єлкєлєрїнєн Сирияга согушуу їчїн дал ушул кыргызстандыктар кєп кетишкен. Алар бир гана дин їчїн эмес, жакырчылык жана акчанын жоктугунан да ушундай айласыз жолго тїшїп жатышат. Баарынан да кайра тирїї келер-келбеши тїшїнїксїз.Ал эми эгер кайра эле менчик аскердик компанияларды тїзїї тажрыйбасына кайрылсак, плюс жактарын тапса болот.

Биринчиден, бул толук бойдон легалдуу. Эгер биздин єлкєдє МАК али жок болсо – ал Россияда бар. Биздин єлкєнїн тїштїк аймагынын жашоочуларынын жарымына жакынынын россиялык жарандыгы бар. Мындай жагдай аларга МАКка кирїїгє тоскоолдуксуз укук берет;

Экинчиден, мындай компанияларда тиешелїї жеўилдиктер бар – билим алуудан баштап, камсыздандыруу тєлємдєрїнє чейин;
Албетте, мен баардыгын эле согушууга чакырбайм, бирок бара турган болсо, жашыруун жолдор менен эмес, мыйзамдуу негизде болгону жакшы го.

Менчик аскер компания эмне экендигин акырына чейин билїї їчїн мен француз легионунда жана башка эл аралык аскердик уюмдарда кызмат єтєгєн эс алуудагы офицерлерге кайрылдым.

- Ооба, интернеттен Россиядагы мындай компаниялар тууралуу баардык маалыматтарды таап алса болот. Анда жетишерлик сабаттуу жана тїшїнїктїї айтылган. Мен їчїн бул эў туура чечим, – дейт Ж.Тимур. Ал азыр деле катардагы офицер.Менчик аскердик компания объекттерди кайтаргандан баштап, согуш оту тутанган аймактардагы кїжїрмєн аракеттерге катышууга чейинки адистештирилген кызматтарды сунуш кылат.

- Кыскасын айтканда булар жалдангандарбы? Алар кесипкєйлєрдєн эмнеси менен артык?

- Алар дал ошол кесипкєйлєр болуп саналышат. Тарыхта жалдангандарды колдонгон мисалдар бир топ эле, Чыўгызхандын армиясы деле жалдангандардан куралган. Мага мамлекеттин эсебинен эч нерсени тїшїнбєгєн, даярдыгы жокторду чыгаргандан кєрє, кїжїрмєн армияга жана менчик кїзєт ишканаларга кесипкєй адамдарды алган ыўгайлуу боло тургандай сезилїїдє. Бул катуу айтылган менен кашкайган чындык. Биздин армиянын кїжїрмєн даярдыгын карап кєрїўїзчї. Сиз алар бизди коргой алат деп ойлойсузбу?

МААЛЫМАТ ЇЧЇН:
Адатта МАКка керектїї кызматкерлерден талап кылынган жагдайлар:
Орточо курак – 25–45 жаш.
Боюнун орточо узундугу – 175 см. жана андан жогору.
Терс адаттарынын жана баардык кєз карандылыктардын (дары, маўзат ж.б.) жоктугу.
Жакшы дене тїзїлїшїнїн формасы жана ден соолугунун кандайдыр-бир кемчилиги жоктугу.
Дїйнєнїн баардык климаттык аймактарында ишке даярдыгы.
МАКта иштєє їчїн тандап алуудагы башка талаптар: Соттолбогондугу (жаза мєєнєтїн єтєгєндїгї да болбойт).
Куралдуу кїчтєрдїн катарынан бошогон учурда – ишиндеги кемчилиги їчїн статьялардын болбошу.
Террордук ишмердїїлїккє катышкандыгы боюнча шектенїїнїн жоктугу.
Жарандардын укугу менен эркиндигин сыйлоого даярдыгы.

- Бирок Сирияда, дегеле ар кандай согушта бул негизги эмеспи деп мен нааразы болом. Кудай бизге андай кїндїн бетин салбасын…

- Мен азыр бул тууралуу эмес, МАКка адам єз ыктыяры менен бара тургандыгы тууралуу айткым келет. Бул ал иштеп акча таба турган жумушу. Бизде альтернативаны ойлоп табышты, бирок ал эмне берет? Эў жакшысы келишим тїзїп, кийин жумушка орнотуу тууралуу кепилдиги жок тил кат менен жїргєнчє, жакшы акча алуу. Азыр сиз Сирияда жалаў гана курал менен согушуп жатат деп ойлойсузбу? Ал жакта келишим менен иштеген врачтар жана башка адистиктин ээлери бар. МАКка баруунун бир гана айныксыз артыкчылыгы – кепилдиктин болушу. Мисалы, согушкерлерди баардыгы бомбалашат, ал эми єкмєттїк жоокерлер бул учурда жашынып отурушат.

- Кандай мааниде? Сиз менчик аскердик компаниянын статусу бар деп айткыўыз келеби деп мен таў калдым.

- Ооба, себеби МАК єкмєт менен расмий келишим тїзєт жана учурдагы армиянын баардык укуктарына ээ боло алат. Баары мыйзам чегинде. Мен башка єлкєлєрдєгї кесиптештеримден билгендей, азыр Сирияда Башар Асаддын тарабында бир менчик аскер компаниясы согушууда.

ТАНДАП АЛУУДАГЫ ПСИХОЛОГИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
Оор басырыктуу психика, стрессти кєтєрє билиши.
Кыраакылыгы жана жоопкерчилиги.
Чынчылдыгы.
Татаал стресстик шарттарда иштєєгє даярдыгы.
Тартиптїїлїгї жана тактыгы.
Оор кїч келїїчї кыйынчылыктарга даярдыгы.
Психологиялык оорусу жоктугу, физикалык /психологиялык кїч, башка оорулардын жоктугу/ тууралуу мед/документтерди кєрсєтїї.
Ар кандай шартка кєнїї, тез єзїнє келїї, эрктїїлїк сапаттар.

- Ал эми їй-бїлє эмне болот?

- Мен француз легионунун келишим менен иштеген жоокери болуп саналам, бизди албетте, согуш оту тутанган аймакка жиберишпейт. Анткен менен сага кайсы бир єзгєчє объектти ишенип беришкендиги да маанилїї да. Жети жыл кызмат єтєгєндєн кийин їй-бїлєбїз менен жарандык алууга арыз бере алабыз.

- Кокус келишим менен иштеген жоокер каза болуп калсачы? – мага ал бул суроого кантип жооп берери кызыктуу.

- Милдеттїї жєлєкпул жана камсыздандырууну тєлєп беришет. Мен сизге дагы бир ирет кайталаймын – баардыгы мыйзамдын чегинде болот.

Бир маектешїї аздык кылгандыктан, мен тааныштарым аркылуу азыр тїздєн-тїз согуш очогунда жїргєн адамды таптым.

Коопсуздук эрежесин сактоо максатында мен маектешибиздин турган жерин жана аты-жєнїн айта албаймын. Андыктан аны М. Р. деп коёлу.

- Эмне їчїн Сиз ушундай жол менен акча табууну чечтиўиз? – деп сурадым мен эс алуудагы майордон.

- Эмне їчїн? Бул деген толук тїшїнїктїї эмеспи. Акча маселеси, єзгєчє биздин кыргыз армиясында. Ємїр бою кызмат кыласыў, эгер полковникке чейин жетсеў – анда жакшы, кокус жетпей калсаў, анда толук кызмат кылган эмес болуп каласыў. Мен мекениме кызмат кылып, баш ооруудан башка эч нерсе ала албай тургандыгымды тїшїнгєн соў эс алууга чыктым. Їй да, акча да жок – чуркагандан башка эч нерсе. Кызматтан бошоп, ошол замат башка жумуш издедим. Россияга барып, иштеп, жарандыкка арыз бердим. Андан соў мурдагы курсташым менен жолугуп калдым, ал мага МАКка барууну кеўеш берди. Алгач кєнє албай жїрдїм. Анткен менен алгачкы командировкадан жана биринчи айлыктан кийин бул менин ишим экендигин жана акчасы жакшы экендигин тїшїндїм.

- Ошентип жєн эле менчик аскер компаниясынын кызматкери болуп калдыўызбы?

- Албетте, жєн эле эмес. Билим жана жєндємдїїлїк керек. Сєзсїз медициналык текшерїїдєн єтїї зарыл, себеби психологиялык жактан даярдыгы бар адамдын гана колуна курал берїї керек. Дилетанттарга аскердик мекемеде орун жок.

МААЛЫМАТ ЇЧЇН:
МАКка кайсы талапкерлер кезексиз тура алат?
Кїжїрмєн тажрыйбасы бар офицерлер.
Аскердик мїнєздєгї операцияларды єткєрїїдєгї жетекчилик тажрыйбасы бар офицерлер.
Келишим менен кызмат єтєгєн аскерлер жана жакшы даярдыктагы аскер окуу жайларынын бїтїрїїчїлєрї.
Кїжїрмєн сыйлыгы бар офицерлер.
Кїч органдарынын эс алуудагы офицерлери.
Кандайдыр бир єзгєчє аскердик адистиги бар талапкерлер.
Їйлєнбєгєн талапкерлер (иштин єзгєчєлїгїнє жараша бул жагдай адатта жакшы кабыл алынат).
Кїжїрмєн аракеттин ардагерлери.
МАКта иштєє їчїн керектїї жєндємдїїлїктєр кырдаалга жараша болот.

- МАКта жалаў гана мурдагы аскер кызматкерлери иштешеби?

- Жок. Бирок физикалык жана психикалык бекем адамдар иштешет.

- Демек, сиздин айтууўузда МАК биздин єлкєдєгї жумушсуздук кєйгєйїн чечет экен да?

- Сєзсїз эмес, жарым-жартылай. Мен айрымдар укугун мындай кой, эч кандай кепилдиги жок туруп алдоо жолдору менен кетип жатышкандыгын билем. Бизде баары мыйзамдуу.

- Бирок єлїмдєн кепилдик жок да. Мага маектешим телефондун аркы жагында кандай абалда калгандыгын билїї єтє кызык?

–Демейдеги жашоодо деле эч кандай кепилдик жок да. Бирок мен їй-бїлєм эч качан кароосуз калбай тургандыгын так билем. Кокус бир нерсе болуп кетсе, жєлєкпул алышат. Ошондой эле жарандык маселеси чечилген.

НЕГИЗГИЛЕРИНЕН:
Сїйлєшїї деўгээлиндеги чет тилдерди билїїсї (англисче, французча, арабча ж.б.).
Куралды колдонуудагы баардык базалык жєндємдїїлїктєрдїн болушу, ошондой эле жок дегенде коргонуу кызматындагы жєндємдїїлїктєр.
Кїрєш искусстволорун билїїсї.
Ок атуучу куралдарды алып жїрїїгє уруксат.
Кїжїрмєн даярдык.
Спорттук олутту даярдык.
Куралдуу кїчтєрдє кызмат кылган тажрыйба.
Татаал климаттык шарттарда иштеген тажрыйба.
Жемиштїї жана командада иштєє жєндємдїїлїк.
Ыўгайсыз шартта машина айдай билїї.
Жогорку жетекчиликке жана тїздєн тїз командирге баш ийїї.

- Сиз биздин жарандарды МАКка кызмат кылууга їндєйсїзбї?

- Албетте, жок. Муну ар ким єзї чечет. Бирок эч кандай жеўилдиксиз жана чоў тобокелчиликтен кєрє легалдуу тїрдє кызмат кылган жакшы эмеспи. Мына мисалы, Россияда менчик аскер компаниялары мыйзамдуу негизде иштешет. Алардын бирине мен да кирген бир нече ири уюмдар бар. Алар эл аралык деўгээлде иштешет. Бул кадыресе кєрїнїш.

- Бул кыргызстандыктарга эмне бериши мїмкїн?

- Бизде россиялык жарандыкты алган жаштар єтє кєп. Алардын баары эле жумуш таап кетишкен жок, кєпчїлїгї кайтып келишкен жана менин билишимче, бул жерде да жумуш издеп жїрїшєт. Аларга кызмат кылууга эч ким тоскоолдук жаратпайт. Бул ушундай жумуш.

Телефондун ары жагындагы маектешимди чакырып калышты. Ал мени менен шашылып коштошуп, дагы бир ирет мїмкїнчїлїк болсо байланышууну убада кылды. Мен ага ийгилик каалап, анын сєзїндє кандайдыр-бир чындык бар экендигине ынандым. Эгер мен эркек болсом, анда согушууга барат элем – себеби чыныгы эркек дайыма жоокер эмеспи.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости