• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

30 күн

granitsa-pogranichniki-5

👁 1,190

15–июлдан тарта Кыргызстан менен Казакстан жарандарынын эки өлкөдө жүрүү тартиби тууралуу кол коюлган протокол күчүнө кирди. 15–июлдан тартып Кыргызстандын жарандары Казакстандын аймагында 30 календардык күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. ТИМ тараткан маалыматка ылайык, мурда мындай каттоо мөөнөтү 5 күн болчу.

Убактылуу каттоосуз жүрүү мөөнөтү Кыргызстандын жараны Казакстанга кирген күндөн баштап саналат. Кыргызстандык Казакстандын аймагында 30 календардык күндөн ашык жүргөн учурунда Казакстандын ИИМде каттоого туруусу зарыл.

Кыргызстандын жарандары Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып 90 календарлык күндөн ашпаган мөөнөткө катталат жана ушунча мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

Ушундай эле эрежелер Кыргызстанга кыска мөөнөткө келүүгө ниеттенген Казакстандын жарандарына карата да колдонулат.

Буга чейин Казакстандын жарандары Кыргызстанда каттоосуз 30 күн жүрө алышчу, бирок Кыргызстандын жарандары Казакстанда 5 күндөн ашуун жүрө алышчу эмес. Былтыр Кыргызстандын миграция боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев Казакстан ЕАЭБдин нормаларына ылайык, кыргызстандыктарга 30 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат бериши керектигин жана казак тарап бул маселени чечүүнү создуктуруп жатканын билдирген болчу.

2016–жылдын күзүндө эки өлкөнүн ТИМинин жетекчилери бул маселе боюнча сүйлөшүп, бир чечимге келишкени белгилүү болгон. 

Бул абдан жакшы жаңылык, себеби көптөгөн кыргызстандыктар Казакстанда эмгектенип келишет жана аларга ар бир 5 күн сайын чек арадан өтө берүү бир топ оорчулукту жаратып келген.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости