Унаа 500 килограммга чейинки жүктү ташый алат. Жакынкы жылдарда ал сертификат алат.
Cormorant учуучу унаасы тик учакка окшош, бирок андан айырмаланып унаанын тик учактыкындай айлангычы жок жана бул ага имараттардын ортосунан жана электр линияларынын үстүнөн учууга мүмкүнчүлүк берет.
Cormorant өзгөчө кырдаалдар болгон жана согуш жүрүп жаткан аймактардагы адамдарды эвакуация кылууга багытталган. Тынч убакта дрон химиялык кол салууга дуушар болгон жерлерди тазалап турмакчы.
Унаа биринчи жолу 2016-жылдын ноябрь айында учкан.
Компания жакынкы убакта АКШнын жарандык авиациясынан учуу үчүн уруксат алганы жатат.
2016-жылдын декабрь айында Норвегиялык дагы бир компания радиобашкарылуучу аппаратты сунуштаган, ал 225 кг салмакты көтөрө алат жана абада 30 мүнөт уча алат.
Кийинки чыгарылыш болсо абада 800 килограммга чейинки жүктү көтөрө алат. Бул өрт өчүрүүчүлөр, аскерлер, полициялар жана издөөчү топторго арналган унаалар. Аппарат сертификат алган.
Ошондой эле учкучсуз учуучу унааларды чыгарууга Кытай, Германия жана Орусия киришкен.
Эми адам заты кинодон гана көргөн нерселери чындыкка айлана баштады.