Жарандарды турак жай менен камсыздоо жана өзүнүн турак жай фондун түптөө максаттарында, МИК жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА) менен тыгыз кызматташуу аркылуу, республикабыздын бардык областтык борборлорунда эконом-класстагы көп батирлүү турак жайларды куруу алдында турат.
Эске сала кетсек, облустардын борборунда курула турган жаңы 5 кабаттуу турак жайлар 60 батирлүү болот, алардын 30 эки бөлмөлүү жана 30 бир бөлмөлүү. Курулуш иштери жаңы технологиялардын негизинде сапаттуу материалдарды пайлдалануу менен бүткөрүлөт.
Турак жайлар бышык кыштардын кыналышы жана базальт буласы аркылуу жылуулуктун сакталышы менен монолиттүү темир бетон каркастарынан курулат. Аймактардын тоолуу жана дагы башка географиялык жагдайларын эске алуу менен сейсмокырдаалдарга туруштук бере алуу сапаты өзгөчө талап кылынат.
МИК, өз кезегинде, курулуш иштеринин аткарылуу жана энергоэффективдүү материалдардын пайдаланылуу сапатына кылдаттык менен көз салып турат.
Бул объекттин курулушун каржылоо МИК аркылуу ишке ашырылат. Ал эми каржылоо булактары – Карыздык милдеттенмеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бөлүнүп бериле турган бюджеттик ссудалар жана МИКтин өздүк каражаттары.
Айта кетсек, курулушту баштоо иши менен алектенүүдө мыйзам талаптарын толук сактоо үчүн бир катар тактоолор, бардык катышуучу уюмдар ортосунда макулдашуулар жүрүүдө. Анткени, Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тарта, жалпысынан, ипотекалык насыялоо жана ипотека шартында турак жайларды куруу биринчи жолу башталып жатканын эске алуу зарыл.
МИК аймактарда инфраструктуранын оңолушуна салым кошуп, эконом-класс үлгүсүндөгү турак жай курулушунун жана өз республикабыздын жарандарынын турак жай маселелерин чечүүнүн башында татыктуу колдоочулардан болуп калууга даяр ишканалар менен кызматташууга өтө кызыкдар.