Министр ЕАЭБге кошулууда 4 фактор негизги ролду ойногонун билдирди:
10 жыл ичинде 300 млн доллар карызды кечүү;
Юажы инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 200 млн доллар бөлүү:
Чакан жана орто ишкерликти колдоо үчүн 1 млрд доллар капиталы менен кыргыз-орус өнүктүрүү фондун түзүү;
Мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн 375 млн доллар бөлүү.
Буга чейин Россия Кыргызстанга 500 млн доллар бөлгөн, анын ичинен 202 млн долларлык 670 долбоор жактырылган.
Маалымат үчүн.
Чакан жана орто ишкердикти колдоонун алкагында кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бир нече долбоорлорду колдоду. Алар: консерваланган жашылча-жемиштерди чыгаруучу “Прод Импекс” ЖЧКСынын ишке кириши, трикотаждык кездемелерди чыгаруучу “Текстиль Транс” фабрикасынын курулушу, “КазГрейн” ЖЧКсынын жаңы тармактарынын ишке кириши, кесмелерди чыгаруу.