2019-жылы Казакстандын каржылык тармагында блокчейн технологияларын колдонуп башташат. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин орун басары Ерболат Досаев Казакстандын Финансы министрлигинин жыйынында билдирген.
“КНСти жана блокчейнди колдонууну киргизүү менен жаңы ыкмалар кириши керек. Бахыт Турлыханович (Султанов) мамлекет башчысы менен жолугушуп жатып биринчи кадамдар 2018-жылдын августунда жасалары тууралуу айткан. Эгерде иш жакшы уланса анда 2019-жылы блокчейн технологияларын практикада колдонуп баштоо керек”,-деди Ерболат Досаев.
Анын айтымында, Финансы министри бул технологияны алгачкылардан болуп киргизет.
“Финансы министрлиги бул ишти жасаганга бел байлаган алгачкы мамлекеттик орган болот. Маалыматташтыруу, автоматташтыруу процесстери сыяктуу маселелерди чечүү үчүн августка чейин аракет кылып, андан соң салык жана бажы тармагында жакшы натыйжалар менен чыгабыз”,-деди Ерболат Досаев.