21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Мыйзам долбоору жогорку билим берүү жана ЖОЖдордо окуу үчүн жеңилдетилген билим берүүнү насыялоого багытталган. Тагыраак айтканда, долбоор аркылуу жогорку окуу жайларда контракттык бөлүмдө окуй турган жаштарга жеңилдетилген насыя берүү, жана аны кайтарууну жогорку билим алгандан кийинки мезгилге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү максаты коюлган.
Талкууда насыяны КР Өкмөтү тарабынан аныкталуучу приоритеттүү кесиптерге окуй тургандарга берилери, мыйзам долбоору кабыл алынып, кол коюлса 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирери белгилүү болду.
Бул система студенттерге жеӊилдетилген негизде жогорку билим алууга мүмкүндүк берүү менен эле чектелбестен, стимул берүүнүн бүтүндөй бир системасын түзөт. Анда жаштар жогорку билим жөнүндө диплом алууга эле умтулбастан, аӊ сезимдүү түрдө өз өлкөсүндөгү мыкты жогорку окуу жайларды тандайт, ушуну менен жогорку окуу жайлардын сапатына карата талаптарды жогорулатат. Ошону менен катар ЖОЖдордогу билим берүүнүн сапатынын да жогорулашын шарттайт.