2018-жылы республикалык бюджеттен жөлөк пул төлөө үчүн 7 миллиард 8 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2012-жылы республикалык бюджеттен жөлөк пул төлөө үчүн 3 миллиард 2 миллион сом бөлүнгөн. 2017-жылы 6 миллиард сом бөлүнсө, 2018-жылы 7 миллиард 8 миллион сом бөлүү каралып жатат.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы айлык маяна төлөө үчүн бюджеттен 41 миллиард сом бөлүнө турганы айтылды. 2012-жылы айлык маяна үчүн 14 миллиард 3 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл 2012-жылга салыштырмалуу үч эсе көп каражат бөлүнөт.