«Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019–2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору, «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019–2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору, «КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019–2020-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча талкуулоого арналган парламенттик угуу болду.
Ошондой эле, республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2018-жылга 162 млрд 849 млн сом деңгээлинде белгиленген. Ал эми 2019–2020-жылдары республикалык бюджеттин чыгашалары 162 млрд 339 млн сомду жана 164 млрд 13 млн сомду түзөт.
“Республикалык бюджеттин тартыштыгы жыл өткөн сайын аз болмокчу. 2018-жылга 20 млрд 267 млн сом өлчөмүндө болот. Ички булактар боюнча терс сальдо 204 млн млн сом, тышкы булактар боюнча оң сальдо 20 млрд 471 млн сом көлөмүндө каралган”,-деди министр.
2018-жылдын бюджетинде төмөнкү багыттарга каражат каралган:
–Ички булактардан капиталдык чыгымдарга 2,9 млрд сом;
- Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 200 млн сом;
- Чек-ара аймагына жакын жайгашкан жерлерди өнүктүрүүгө 100 млн сом;
- Коммерциялык банктардын % ченин айыл-чарба өндүрүүчүлөрү үчүн субсидиялоого 700 млн сом;
- Саламаттыкты сактоо министрлигине гемодиализге жана Жогорку технологиялар офндуна 737,5 млн сом;
-«Таза коом» долбоорун ишке ашырууга 1 млрд сом;
- Пенсияны жогорулатуу үчүн Социалдык фондго 568 млн. сом;
–Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге маянасын жогорулатуу үчүн 1 млрд сом.
Социалдык тармактын чыгымдары жалпы чыгымдардын 47,9%ын түзүп, 2017-жылдын бюджетине салыштырмалуу 2,3% жогорулаган, алардын ичинен: саламаттыкты сактоо тармагында болгон чыгымдар 9,5%, билим берүү — 17,3%, маданият– 1,7%, маданият жана социалдык коргоо — 19,4%.
Мамлекеттик кызматтар боюнча чыгымдар 11,7% түзүп, 2017-жылдын бюджетине салыштырмалуу 0,6%га азайган. Анын ичинде мамлекеттик аппараттын чыгымдары 0,2% азайып, 4,1% түздү. Күч түзүмдөрүнүн чыгымы ошол бойдон эле калган — 10,4%. Реалдуу сектордун чыгымы 30,1% түзүп, 2017-жылдын бюджетине салыштырмалуу 1,6% азайган.