2018-жылдын февралында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 9 млрд. 107,8 млн. сомду түздү.
Көрсөтүлгөн суммадан бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына 2 млрд. 624,2 млн. сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө 607 млн. сом бөлүндү.
«Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча чыгымдар 570,6 млн. сомду түздү. Мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 1 млрд. 291 млн. сом жумшалды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.