2017-жылдын 3-ноябрына Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө облусту 2018–2023-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны болду. Ага эксперттик коомчулук, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери, райондук администрациянын жетекчилиги жана шаардын вице-мэри катышты.
Райондук администрация тарабынан 20-ноябрга чейин ар бир районду өнүктүрүү долбоорун даярдоо, приоритеттүү тармактар жана инвестициялык долбоорлор аныкталуучу керектиги айтылды.
Каракол, Балыкчы шаарларынын мэриялары аймактык саясаттын концепциясына ылайык аталган шаарларды өнүктүрүү программаларын даярдашкан.
Жумушчу топтун графигине ылайык, үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын аягына чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу пландалган.