Экономикалык саясаттын башкы максаты бул жылдар аралыгында макроэкономикалык стабилдүүлүк жана өнүгүүнүн оң тенденцияларына жетүү.
2018−2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү божомолу:
Негизги жагымдуу факторлор:
өлкөдөгү сациалдык-саясий стабилдүүлүк;
Кыргыз экономикасынын ЕАЭБде толугу менен адаптация болушу;
экономикалык өсүштү негизги соода өнөктөштөр менен жакшыртуу/калыбына келтирүү. Бул негизде бизнес-чөйрөгө тартууну жогорулатуу жана чарбачылык субъекттердин активдүүлүгүн жогорулатуу;
кыргыз-орус инвестициялык фондунун ишин активдештирүү, айыл-чарба тармагына насыя берүүнү улантуу;
Ишкердикти өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы мүчөлүгүн активдүү колдонуу жана ВСП+ схемасын колдонуу;
2017–2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы аймактык саясат концепциясын ишке ашыруу;
которуу системалары аркылуу жыл сайын физикалык жактардын каражат которуусунун өсүүсү, 2017-жылы 8,8 %, 2018–2020-жылдары орто эсеп менен 5,1 % ж.б.
Ал ортодо терс таасирин тийгизүүчү коркунучтар дагы бар.
Биринчи кезекте дүйнөлүк экономиканын өсүүсүндөгү туруксуздук, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги жана негизги соода өнөктөштөрүндөгү экономиканын жай калыбына келүүсү.
Россия Федерациясына болгон экономикалык санкциялардын улануусу жана Украинада, Сирияда, Түркияда жана жакынкы чыгыш өлкөлөрүндөгү геосаясий абалдын терс багыттары кошумча терс таасир болуп, түз чет элдик инвестияцияларга терс таасирин тийгизип, тышкы сооданы солгундатат.
Ветеринардык текшерүү пункттарынын ачылышынын кечеңдеши, товарлардын айлануусунун толук катталбагандыгы жана чек арадагы кошумча тоскоолдуктар товарларды экспорттоого терс таасирин тийгизип, кошумча коркунуч жаратат.
Мындан сырткары экономиканы өнүктүрүүнү анализдөө учурунда дүйнөлүк финансылык институттардын божомолу эске алынган.
Өзүнчө тармактарды өнүктүрүүгө таасирин тийгизүүчу факторлор дагы эске алынган.
Негизги сценарий – бул көбүрөөк мүмкүн болгондор:
Экономикалык өнүгүү өлкөнүн экономикасын калыпка келтирүү шарттарында жүрөт – негизги соода өнөктөштөр, ЕАЭБдеги КРнын иш алып баруусу.
2017-жылы болгон дүйнөлүк тенденциялар, ЕАЭБдеги мамлекеттердин экономикасынын калыбына келиши жана дүйнөдө мунайга болгон баанын баррелине 50–60 доллар болушу дагы өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө таасирин берет.
Эгерде тармактар боюнча карай турган болсок, айыл-чарба тармагындагы көрсөткүчтөр төмөнкү факторлордон көз каранды болот:
Биринчи кезекте жаратылыш-климаттык шарттар.
Тамчылатып сугаруу системасы айыл-чарбасын суу менен камсыз кылууда жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Кыргыз-казак чек арасында текшерүүнү алып салуу фермерлердин кирешесин жогорулатып, малдын башынын көбөйүшүнө алып келет.
2011–2016-жылдары берилген 18,3 млрд. сом жеңилдетилген насыялар жана “Айыл-чарбасын каржылоо-5” долбоорунун алкагында фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү айыл-чарба өнүмдүүлүгүн жогорулатуусу зарыл.
Жогоруда айтылган факторлорго ылайык, айыл-чарба тармагында 2017-жылы 2,5 % (өсүмдүк өстүрүү 2,0 %га өссө, мал чарбачылыгында 2,0 % өсүү болушу күтүлүүдө ) өсүү, 2018–2020-жылдары 3,0 % (өсүмдүк өстүрүү 2,6 %га өссө, мал чарбачылыгында 2,6 % өсүү болушу күтүлүүдө ) болушу керек.
Ошентип жүргүзүлгөн эсептерге ылайык жана 2017-жылга болгон божомолдорго ылайык, быйылкы экономикалык өсүш 103,0 % болуусу күтүлүүдө. Кендерди иштетүүчү Кумтөрдү эске алганда — 104,3 %. ИДП 2017-жылы 486,1 млрд. сом болору күтүлүүдө.
2018–2020-жылдардагы экономикалык өсүш 104,2% болушу күтүлүүдө. Орточо эсеп менен жылына ИДПны түзүүчү айыл чарбасы 3,0 %, өнөр-жай тармагы 3,6 % (өнөр-жай Кумтөрдү эске албаганда 6,2 %), курулуш боюнча 9,5 %, кызмат көрсөтүү тармагында 3,8 % болуусу күтүлүүдө.
Жогоруда саналган факторлордун баары экономиканын өсүүсүнө таасирин тийгизип, алардан таасиринен көз каранды болгон сценарий жазылды.
Сценарийди даярдоодо негизги божомол биздин экономикага соода өнөктөштөгү мамлекеттердеги кыйынчылыктар себепчи болгондуктан, ошондой эле Өкмөт тарабынан ишке ашырылчу чаралар аз-аздан ишке ашырылышы күтүлгөндүктөн иш-чараларды каржылоо толук болбошу ыктымалдыгы эске алынды.
2018–2020-жылдарга карата экономикалык өсүш 3,4 % болору божомолдонуп, орточо эсеп менен ИДПны түзүүчү айыл чарбасы 2,1 %, өнөр-жай тармагы 4,3 % (өнөр-жай Кумтөрдү эске албаганда 4,3 %), курулуш боюнча 6,3 %, кызмат көрсөтүү тармагында 3,0 % болуусу күтүлүүдө.
Эсептөөлөргө ылайык, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген маалыматтарга ылайык, ИДПнын божомолу даярдалып, таблицаларга ылайык ал 2017-жылы 2,0 %га өсүүсү күтүлүүдө.
Сценарийге ылайык ИДП 2017-жылы 3,0 %га жогоруламакчы. Бул айырмачылыктар куруу секторундагы айырмачылыктарга жана кызмат көрсөтүүдөгү тобокелчиликтердин болушунан улам келип чыккан.
Экономика министрлиги тарабынан базалык сценарий сунушталууда, ага ылайык, 2017-жылы экономикалык өсүш 3,0 % болмокчу (Эл аралык валюта фондунун божомолу 3,5 %, Бүткүл дүйнөлүк банктын божомолу 3,0 %, Европа өнүктүрүү банкынын божомолу 2,6 %), бул божомолдор төмонкү факторлордон көз каранды:
–аймактардагы түзүлгөн абал;
–өлкөнүн экономикасында түзүлгөн абал;
- башка кен казуучу жайлар эсепке алынган жок, себеби аларды иштетүү иштери кечеңдеп, жергиликтүү калк менен түшүнбөстүктөр болуп келет;
- “Жунда” жана Токмок мунайды иштетүүчү ишканаларын чийки зат менен камсыз кылуу маселелери чечиле элек;
–колдонуунун өсүүсү жайлагандыктан кызмат көрсөтүү басаңдашы мүмкүн дагы каражат которуу жайлайт;
- 2017-жылга карата орточо өсүш: дүйнөлүк экономика — 3,4 %, Россияда — 1,1 %, Казакстанда –2,5 %, Кытайда – на 6,5 %.
Инфляция 5–7 % болмокчу.
Акча-насыялык, бюджет-салыктык, инвестициялык, монополияга каршы жана социалдык саясаттын болушу инфляциянын деңгээлин кармап турууга жардам берери божомолдонууда.