Иш-чаранын катышуучулары экономика тармагындагы ар кандай долбоорлорду координациялоо, ошондой эле эл аралык долбоорлордун өкүлдөрүнүн Ысык-Көл облусунун бийлиги менен кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатышып эл аралык уюмдардын өкүлдөрү сунушталган форматтын ишине канааттангандарын билдиришип, мындан ары тыгыз кызматтшуу тууралуу сүйлөшүштү.
Ошондой эле бул кызматташуу облуста ишке ашып жаткан долбоорлордун координациялык аракеттердин көлөмү менен байланыштуу болуусу керек. Кеңештин катчылыгынын тизмесине ылайык, Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын акырында 14 эл аралык уюмдун жана донорлордун жардамы менен 25 долбоор ишке ашырылууда. Бул долбоорлордун жалпы суммасы 103млн доллардан ашуун болгон.
Өнүктүрүү үчүн 3 багыт приоритеттүү деп табылды. Булар сүт, эт өндүрүү жана бакча багыты. Өнүмдөрүн экспорттоого багытталган ишканаларды колдоо каралууда.
Учурда облуста 8 кластер иштеп жатат. Күн сайын жумуш12 кластердик лидерлер тарабынан жүргүзүлүп келет.
2017-жылы 20 кластер ачуу пландалууда. Иш кластерлердин өнүмүн ички жана сырткы рынокторго чыгарууга багытталган.
Облус боюнча жалпы 28 долбоор ишке ашырылмакчы.