• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

2017-жылы тышкы соодалык товар жүгүртүү 12,5%га жогорулады

img_9111

👁 598

2017-жылы тышкы соодалык товар жүгүртүү 12,5%га жогорулады. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-июнда паламентте отчет берип жатып билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылы республиканын тышкы соодалык товар жүгүртүүсү 12,5%га жогорулаган. Буга катар Евразиялык экономикалык аймактын өлкөлөрү менен товар жүгүртүү динамикасы өстү. Натыйжада, 2017-жылдын соңуна карата ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмүнүн жогорулашы – 27%ды, ал эми үчүнчү өлкөлөргө карай экспорттун жогорулашы 8,6% түздү. Ал эми, республикалык бюджеттин кирешеси 2016-жылга салыштырмалуу 16% жогорулап, 135 млрд сомду түздү.

«Салыктык кирешелер 10,2 % өсүп, 9,6 млрд сомго жогорулаган. Чыгымдарды оптималдаштыруу жана чектөө боюнча 2017-жылы көрүлгөн чаралардын натыйжасында бюджет тартыштыгын ИДПга карата 3,3 % деңгээлде сактап калууга мүмкүндүк болду. Бюджеттин социалдык секторго чыгашасы бюджеттин жалпы чыгымынын 52 % ын, же 79 млрд сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 6 млрд сомго, же 8% жогорулады»,– деди Абылгазиев.

Ал эми пенсиянын орточо өлчөмү 6,4 %га өсүп, 5412 сомду түздү. Мында пенсиянын базалык бөлүгү 280 сомго жогорулап, 1780 сом өлчөмүндө түзүлдү. Өлкө боюнча орточо айлык акы 6,7 %га өскөн, же 2016-жылы 14,4 миң сом болсо, 2017-жылы 15,4 миң сомго жогорулаган. Бюджет эсебинен жөлөкпулдарга 5,7 млрд сомдон ашуун каржы бөлүнгөн. Бул 2016-жылга салыштырганда 300 млн сомго, же 6%га жогору саналат.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости