Дүйнөлүк банк 2017-жылы Кыргызстандын экономикалык өсүүсү 3,4% болуп, чукул өзгөрүүлөр болбой турганын божомолдойт.
Бул тууралуу 2-июнда “Кыргыз Республикасы: экономикалык сереп” (Жаз 2017) отчётун талкуулоо учурунда Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы экономисти Бакыт Дубашов билдирди.
2017-жылда алтын өндүрүү 2016-жылдагыдай болору болжолдонууда. Дүйнөлүк банк өсүш 3,5% болорун билдирди.
Экономикалык өсүш тоо-кен тармагындагы казып алууларга байланыштуу гана болушу мүмкүн, себеби ушул тармак гана жалгыз туруктуу.
“2018-жылы өсүш 4% болору болжолдонууда. 2015–2016-жылдары болгон өзгөрүүлөр жаңы нормалардын өзгөрүүсүнө байланыштуу болгон. Кризис босогодо турган кезде көп сөздөр болду жана аймак жаңы абалдарга даяр болушу керектиги айтылган”,-деди ал.