Түндүк регион боюнча 857 миң 400 тонна көмүр казылып чыгарылды, түштүктө — 1 млн 048 миң 600 тонна.
Областарда 2016-жылга карата бул жылда төмөнкү көлөмдө көмүр казылды:
Нарын – 857,4 миң тонна (38,9 миң тоннага же 104,8 % көп);
Баткен – 272,0 миң тонна (74,7 миң тоннага же 75,4 % аз);
Ош– 646,3 миң тонна (60,6 миң тоннага же 110,4 % көп);
Жалал-Абад – 130,3 миң тонна (9,5 миң тоннага же 93,2 % аз).
2017-жылы жалпы республика боюнча 2016-жалга салыштырма 54 миң тоннага көп көмүр казылган.
2017-жылы казылып алуу жана реализациялоо боюнча төмөнкү ишканалар жакшы ийгиликтерди көрсөттү.
Түндүк регион боюнча — ИМ «Кыргызкөмүрдүн» филиалы «Кара-Кече» (138 %), ЖАК «Шарбон» (137 %), «Берекет-Кен» (2220 %), ЖЧК «Ак-Жолкомур» (113 %), ЖЧК «Пандж-Шер» (111 %), ААК «Жумгалсуу-курулуш» (106 %),
Түштүк регион боюнча – АК «Сулюкташахтакурулуш» (108%), ЖЧК «Ибрагимов» (110 %), ЖЧК «Нур» (103 %), ЖЧК «Марипова» (110 %), ЖЧК «Ак-Булак» (105 %), ОсОО «Кызыл-Булак» (163 %), ОсОО «Узун-Сай» (110 %), ЖЧК «Нуркен» (262 %), ЖЧК «Перити-Коал» (110%).
2018-жылда 2 млн тонна көмүр казылат деген болжол бар.
Нефтегаз чыгаруу тармакта 2017-жылы 2 933,2 млн. сомго өндүрүм чыгарылды (2016-жылга салыштырса темп 114,8 % болду).
Тармакта жалпы 169,2 миң тонна нефть табылды (темп – 121,7%) жана 26 млн. м3 жаратылыш газы (темп – 90 %).
ЖЧК «Газпром Кыргызстан» линиясы боюнча Кыргызстанга 2017-жылы 283 млн. м3 газ алып келинди, бул 2016-жылга салыштырмалуу 20 млн. м3 же 7,6% көп.