Былтыр Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд 500 млн долларды түздү. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров Жогорку Кеӊеш менен Федералдык Жыйындын ортосундагы кызматташтык мамилелер боюнча парламенттер аралык комиссиянын отурумунун жүрүшүндө билдирди.
Анын айтуусунда, 2017-жылы экспорттун көлөмү 260 миллион долларга жеткен.