Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 2018-жылдын 17-апрелинде 2017-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчёт боюнча коомдук угуулар өткөрүлдү.
Иш-чарага 15 министрликтин жана ведомствонун кызматкерлери катышышты. Коомдук талкуунун өткөрүлүшү тууралуу расмий чакыруулар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнө жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө да жиберилген. Бирок алар бул иш-чарага келишкен жок.
Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары Марлен Амандыковдун айтымында, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча ИДП 521 млрд сом деңгээлинде болуп, ИДПнын реалдуу өсүш темпи 4,6%ды түзгөн. 2016-жылы номиналдык ИДП (458 млрд сом) мурдагы жылдагыдан төмөнүрөөк деңгээлде болуп, ИДПнын реалдуу темпи 3,8%ды түзгөн.
2017-жылдагы республикалык бюджеттин жыйынтыкталган кирешелери (учурдагы кирешелер жана финансылык эмес активдерди сатуудан түшүүлөр) 134 млрд 712,6 млн сомду же 139 млрд 889,1 млн сом суммасындагы пландын 96,3%ын түзгөн.
Республикалык бюджеттин жыйынтыкталган чыгашалары (атайын каражаттарды жана МИП гранттарын, насыяларын эсепке алганда) 152 млрд 90,4 млн сомду же 161 млрд 333,3 млн сом суммасындагы такталган пландын 94,3%ын түзгөн.
Бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн 94,2 млрд сом корголгон беренелер боюнча сарпталган, 29 млрд сом корголбогон беренелер боюнча чыгымдалган. Секторлор боюнча чыгашалардын аткарылышы төмөнкүдөй болгон:
социалдык чөйрө – 70,8 млрд сом, жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар – 19,1 млрд сом, экономикалык маселелер – 12 млрд 41,5 млн сом, турак-жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр – 1,8 млрд сом, курчап турган чөйрөнү коргоо – 852,2 млн сом. Социалдык чөйрөнүн чыгымдарынын үлүшү жалпы чыгымдардын 57,4%ын түзөт.
Республикалык бюджеттин тартыштыгы 17 млрд 377,8 млн сом деңгээлинде аныкталды (план боюнча — 21 млрд 444,1 млн сом), башкача айтканда, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча тартыштык 4 млрд 66,3 млн сомго азайган. 2016-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 20 млрд 936,6 млн сомду түзгөн.
Коомдук талкууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө катышуучулар ошондой эле республикалык бюджеттин кассалык аткарылышы боюнча деталдуу отчётту берүүнү сунушташты.