• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

2017-жылы эт жана сүт көп өндүрүлгөн

99

👁 1,704

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин мал чарба, асыл-тукум иштери жана илим саясатын өнүктүрүү бөлүмү, 2017-жылдын 1-декабрга карата мал чарбачылыгынын азыктуулугун өндүрүү жөнүндө маалымат таратты.
Эт өндүрүү. 2017-жылы республикада бардык категориялардагы чарбаларында 359,6 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 5,9 миң тонна, же 1,7 пайызга мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көбүрөөк эт өндүрүлдү.

Белгилей кетчү нерсе 2017-жылдын январь-ноябрь айында республиканын баардык облустар боюнча эт көбүрөөк өндүрүлгөн.

Республикада эт өндүрүүнүн жогорулашынын негизги себеби ири мүйүздүү малдарынын башы — 2,4 пайызга, кой жана эчкинин башы — 1,6 пайызга, чочконун башы – 1,5 пайызга , жылкы башы – 3,9 пайызга жана үй канаттуулардын башы 1,6 пайызга көбөйүшү болуп эсептелет.

Сүт өндүрүү. 2017-жылдын январь-ноябрь айында республика боюнча 1454,7 миң тонна сүт өндүрүлдү, 28,5 миң тонна, же болбосо мурунку жылга караганда 2 пайызга көп.

Республика боюнча сүт өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн негизги себеби уйлардын башы 1,7 пайызга көбөйүшүнөн улам болгон.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөн.

Жумуртка өндүрүү. 2017-жылы республикада 478,3 млн. даана жумуртка өндүрүлүп, же былтыркы жылга салыштырмалуу 38,0 млн. даана же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу108,6 пайызга көбүрөөк болгон.

Республиканын баардык облустарда жумуртка өндүрүүнүн жогорулашы байкалат. Мисалы, Чүй облусунун чарбаларында жумуртка өндүрүү – 112,2 пайызга көбөйгөн, Ошто – 106,6 пайызга, Ысык-Көлдө – 104,0 жана Жалал-Абад облусунун чарбаларында – 103, 5 пайызга көбөйгөн.

Жүн өндүрүү. 2017-жылдын 1-декабрына карата республикада 12620 тонна жүн өндүрүлгөн, же былтыркы жылга салыштырмалуу 101,9 пайызды түздү.

Баардык облустар боюнча жүн көп өндүрүлгөн.

Орточо ар бир койдон 2,4 кг жүн кыркылып алынган.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости