Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети 2017-жылда 134 млрд 595 млн 71,1 миң сом суммасындагы жыйынтыкталган кирешенин жана 151 млрд 983 млн 347,2 миң сом суммасындагы жыйынтыкталган чыгашанын негизинде 17 млрд 388,2 млн сом суммасындагы бюджеттин тартыштыгы менен аткарылды.
Тартыштыкты жабуу булактары 21 млрд 679,6 млн сомду түзөт, алардын ичинен ички каражаттар – 4 млрд 118,2 млн сом жана тышкы каражаттар – 17 млрд 388,2 млн сом.
Айта кетсек, КР «2017–2019-жылдарга республикалык бюджет жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамында 2017-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 444,1 млн сом же ИДПга карата 4,3% деңгээлинде аныкталган.