Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Баалуу металлдар департаментинин маалыматы боюнча, 2017-жылы баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зер буюмдарды сыноо жана аларга эн салуу кызматтарын көрсөтүүдөн мамлекеттик бюджетке 10 млн. 160,9 миң сом келип түштү, бул сумма 2016-жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсе көбүрөөк.
Сынамдык акы
(миң сом) |
2016–ж. |
2017–ж. |
% |
7 267,0 |
10 160,9 |
1,4 эсе |
Маалымкат: Сынамдык акы (сынамдык жыйым) баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды жана башка тиричилик буюмдарын мамлекеттик сыноо, эн салуу тарабынан сыноону, анализдөөнү жана эн салууну жүзөгө ашыруу, материалдарга экспертиза, анализдерди, асыл таштарга экспертиза жана диагностика жүргүзүү үчүн алынат.
Ички өндүрүштүн зер жана башка (тиричилик) буюмдарын дагы, сатуу үчүн ташылып келингендерди дагы сыноо жана аларга эн салуу боюнча маалымат төмөндө берилди:
№ |
Аталышы |
Алтын |
Күмүш |
даана |
кг. |
даана |
кг. |
|
Жергиликтүү өндүрүш |
53 889 |
135,5 |
17783 |
69,9 |
|
Чет өлкөлүк өндүрүш |
69 679 |
398,9 |
114994 |
3764,5 |
|
СССРдин буюмдары (кайрадан эн салуу) |
804 |
2,1 |
- |
- |
|
Бардыгы: |
124 372 |
536,5 |
132 777 |
3834,4 |