• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

2017-жылы Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун ишинде өзгөрүүлөр болот

dsc_0721

👁 853

Жаңы 2017-жылдын алдында Экономика министрлигинде Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун ишинин эффективдүүлүгү жана ачыктыгы талкууланды.

Атайын жумушчу топ мамлекеттик органдардан, бейөкмөт уюмдардан жана ишкерлерден ар кандай сунуштар түшкөн “Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун түзүлүүсү” тууралуу жобону талкуулады.

Жыйындын жүрүшүндө “Борбордук Азиядагы Евразия” жана «Каликова & Ассошиэйтс» фонду Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун күн тартибиндеги долбоорлорду жана Президенттин алдындагы башкаруу академиясындагы өнүктүрүү фондунун иши тууралуу окуу модулунун жөнөкөйлөтүлгөн формасын сунушташты.

Тактап айтканда, мындай фонддорду жеринде документтерин ирээттөө жана укуктук базасын күчөтүү иштери каралды. Учурда жогорку жобонун талаптарына жооп берген 29 фон иштеп келет.

Иштеп баштагандан баштап бүгүнкү күнгө чейин 17 фонддун эсебине 1 230,4 млн. сом түшкөн. Мисалы, Таласты өнүктүрүү фондунун эсебине 174 млн сом которулуп, 150 млн сомдон ашуун каражатка ондогон долбоорлор каржыланган.

Бирок өнүктүрүү фонддорун түзүүдө бул фонддордун толук кандуу иштөөсүнө жол бербеген айрым кыйынчылыктар болгон. Буга байланыштуу КРнын Экономика министрлигинде жобону жакшылап иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн.

Бирок азыркыга чейин Өнүктүрүү фонддорун каржылоо жана стратегиялык маселелери чечилбей келет. Бюджеттен бөлүнгөн акчадан башка фонддор кайсы каражаттын эсебинен иштемек эле?

“Кумтөр” жана “Жерүй” Ысык-Көл жана Талас өнүктүрүү фонддорун каржылап келет. Ал эми башка облустук фонддор эмне кылышы керек? Каржылоодогу чоң теңсиздик жана ар кандай фонддордун иштөөсү жашыруун конфликттерди чыгарып келет.

Анын үстүнө Фонддор эффективдүү иштеп жатат деп айтууга болбойт. Фонддордун сынактык комиссиясы социалдык долбоорлорду тандоодо чоң маселелерге тушугуп келет. Айрым долбоорлор Өнүктүрүү фондунан жана башка булактардан дагы каражат алып келген учурлар бар.

Кыргызстанда инвесторлор башка райондорго караганда көп болгон райондор кездешет. Мисалы, Чаткал жана Ала-Бука району. Алтын казуучу көптөгөн ишканалар бул райондордогу өнүктүрүү фонддоруна ири суммаларды которуп келет.

Бирок фонддордун ишинин натыйжасын бардык райондордо эле байкай берүүгө болбойт. Ала-Бука районунда айрым социалдык-ишкердик долбоорлор иштеп келсе, Чаткал районунда мындай иштерди байкоого болбойт. Гранттар кайда кетип жатат?

Экономика министрлиги бул маселеге жакшылап көңүл бөлүүнү чечкени маселе курч экенин билдирет. Эми жер-жерлерде бейөкмөт уюмдардын жана жергиликтүү ишкерлердин катышуусунда коомдук талкууларды уюштуруу зарыл.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости