• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

2017-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 4,5 пайызга өстү

22

👁 833

12-январда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январь-декабрь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январь-декабрь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, ө.ж. январ-декабрында ички дүң продукт алдын-ала баалоо боюнча 493 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,5 пайызга өскөнүн маалымдады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2017-жылдын январ-сентябрында ички дүң продуктунун көлөмү 445 миллиард сомдон ашып, 4,5 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2017-жылы 231 миллиард сомдон ашты жана мурунку жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга жогорулады.

Өткөн жылы өнөр-жай продукциясынын көлөмдөрүнүн өсүшү, кымбат баалуу металлдарды, тазаланган мунайзаттарды, тамак-аш продуктуларын, суусундуктарды жана тамеки өндүрүүнүн жана металл эмес, резиналык жана пластмассалык буюмдарды чыгаруунун эсебинен камсыздалды.

Керектөө бааларына жана тарифтери, 2017-жылдын январь-декабрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли 3,7 пайызды түздү, ал эми 2016-жылы керектөө бааларынын жана тарифтеринин төмөндөшү 0,5 пайызга белгиленген.

2017-жылы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) баалар олуттуу тамекиге (24,1 пайызга) жана кызмат көрсөтүүлөргө (6,9 пайызга) жогорулады. Азык-түлүк эмес товарлардын керектөө бааларынын деңгээли 2016-жылдын декабрына салыштырмалуу 3,2 пайызга, тамак-аш азыктар жана алкоголсуз суусундуктар — 2,7 пайызга жогорулады, ал эми алкоголдук ичимдиктердин баалары, тескерисинче, 2,7 пайызга төмөндөдү.

Баалардын эң көп өсүүсү Ош облусунда 11,1 пайызга, ал эми, эң аз өсүүсү Бишкек шаарында 2,3 пайызга катталган.

Республиканын тышкы соода ишмердиги негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен мүнөздөлдү. Маселен, алдын ала маалыматтар боюнча 2017-жылдын январь-ноябрында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 6 миллиард АКШ долларына жакынды түзүп, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга жогорулады. Ошону менен бирге, экспорт 12,8 пайызга, ал эми импорт 10,2 пайызга жогорулаган.

Баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Малика Абдукадирова 2017-жылы керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүгө баалардын жана тарифтердин өзгөрүү тенденциялары жөнүндө маалымат берди.

Туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын үй-чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб 2017-жылы Кыргыз Республикасынын жашоо тиричилик минимуму жөнүндө маалымат берди.

2017-жылдын IV кварталындагы жашоо минимумунун чоңдугу мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,9 пайызга жана мурунку кварталга карата – 0,2 пайызга төмөндөө менен 4864,42 сомду түздү.

Жашоо минимумунун орточо жылдык эсеби 2017-ж. 4900,79 сомду түзүп, 2016-ж. салыштырмалуу 2,2 пайызга өстү.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости