2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 27%га көбөйдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков билдирди.
«Белгилеп кетчү нерсе – 2017-жылы тышкы экономикалык сооданын көлөмү 12,5%га өстү. Айрыкча ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун өсүү темпи үчүнчү өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла тез темп менен жогорулап баратат. Алсак, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 27%га, ал эми үчүнчү өлкөлөргө – 8,6%га көбөйгөн», — деп белгиледи Өкмөт башчы.
Атамекендик өндүрүүчүлөргө мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүүнүн жана экспортко багытталган ишканаларды фискалдык жактан стимул берүү тышкы сооданын көрсөткүчтөрүндө оң натыйжаларды көрсөттү.