• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

2017-жылдын жазгы-талаа иштери. Ушундай бешбармак.

one-eyed-blind-cat-980x735-880x660

👁 1,657

Өкмөттө 2017-жылдын жазгы-талаа иштерине болгон даярдык тууралуу талкуу болду.

Жыйында таза суу менен камсыз кылуу, калктуу жерлердин суу маселесин чечүү жана жазгы-талаа иштерине болгон даярдык тууралуу соз болду.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жазгы талаа иштерине 42 миң тонна дизель керек экенин билдирди.

Министр белгилегендей, учурда нефтетрейдерлер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Айдоо-себүү иштери үчүн дизелдин баасы 2 сомго төмөндөп, май куюучу жайларда 40 тыйынга арзандайт.

Айдоо иштерине жакын техника бардык облустарда 90%га даяр болот.

Бугүнкү күнү өлкөдө 32 МТС иштейт, келерки жылы дагы 36 МТС ачуу пландалууда, 4 жылдан соң 8 техникалык станция куруу пландалууда.
Жалпы 258даана техника болсо, алардын ичинде 35 трактор, 20 комбайн жана 103 автоунаалар бар.

Ирригациялык каналдарды оңдоо үчүн бюджеттен 253 млн сом бөлүп берүү каржы министрлигине тапшырылган. Январь айында акчалар бөлүнгөн жана мындан ары каражаттарды берүү кармалбаса, ирригациялык система даяр болот.

ЭКОНОМИКА айыл-чарба министрлигинин иши эффективдүү эмес болуп жатканы тууралуу бир нече жолу жазып чыккан жана министрдин отчет берүүсү бул маселенин чечилиши дегендик эмес.

Ушунча жылдан бери иштеп жатып министрлик техниканын санын кобөйто алган жокпу?

Бюджеттен ири суммадагы каражаттар бөлүнүп жатат, бирок алар ар кандай изилдөөлөрго кетип жатканын кагаз бетинен гана көрүп жатабыз. Чет жактан келген эксперттерге акылга сыйбаган акчалар төлөнүп жатат. Бул каражаттарды техникалык базаны чыңдоого жумшоо жана ата мекендик ветеринарларды, агрардык тармакта эмгектенгендерди окутууга жумшаса алда канча жакшы болот беле?

Министр аткарылган иштер тууралуу ооз толтуруп айтып жатат, бирок кайсы иштер?

Аймактарда ирригация жана суу маселеси курчуп турган чагы.

Дыйкандарды болсо өнүмдү сатуу маселеси ойлондурат.

Айыл-чарбаны дыйкандар оздөру колго алышкан – кооперативдерди түзүшүүдө, ар кандай мамлекеттик жана эл аралык программаларга катышып өнгүп жатышат.

Долбоорлордо дыйкандарга календардык график, сугаруу жана эл аралык уюмдар менен туура иштешүүнү үйрөтүшөт.

Азыр өнүмдү сатуу боюнча ар кандай фонддор, ассоциациялар иштеп келишет.

Айыл-чарба министрлиги ооз ачпай эле. Алар жөн гана даярдык жүргүзүп, калган ишти башкалар кылганга көнүп алышса керек. Андан соң министр кезектеги отчетун берет.

Биз кайрадан министрликте иштеген толгон токой киши эмне менен алек болуп жатат деген суроону бергибиз келди.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости