2017-жылдын биринчи кварталында мунай тартыштыгы суткасына 700 миң баррелди түзмөкчү, ал эми экинчи кварталында суткаына 1 млн баррелге чейин жетет.
Кыргызстандыктар белди бекем бууп, күйүүчү майга болгон баанын жогорулашына даяр болуусу зарыл.
Эске сала кетсек, 10-декабрда Мунай экспорттогон мамлекеттердин уюму жана мамлекеттер мунайды иштетүүнү кыскартуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан.
Буга чейин мунайды иштетүүнү суткасына 1,164 млн баррелге чейин кыскартуу тууралуу макулдашууга 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында дагы 11 мамлекет кошулмакчы. Андан соң мунайды иштетүү дагы 55 миң баррелге чейин кыскармакчы.