Жалпы “КФ” ААКсынын жардамы менен чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү өнөктөш банктар аркылуу 243 млн. сом насыя алышкан. Айыл-чарба тармагында алектенген ишкерлерге 11,9 млн. сомдук 26 кепилдик берилип, 34,9 млн. сом насыя алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Соода тармагын колдоо үчүн 20,0 млн. сомду 15 кепилдик берилген. Соода тармагында эмгектенгендер үчүн банктар 59,2 млн. сом насыя беришти. Ошол эле инфраструктуралык максаттарга туризм тармагына 5,6 млн. сомдук 4 кепилдик берилип, 14,8 млн. сом насыя берилген.
Айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчүлөргө 740 миң сомдук 2 кепилдик берилип, алынган насыянын суммасы 9,5 млн сомду түзгөн.
Кызмат көрсөтүү тармагына айландыруучу каражаттар үчүн 4,2 млн сомдук 2 кепилдик берилген. Алынган насыянын көлөмү 9,5 млн. сом болгон.
Берилген жалпы кепилдиктердин 42 пайызын айым ишкерлердин үлүшү түзгөн.
5 айдын жыйынтыгы менен кепилдик фонддордун накта кирешеси 6,5 млн. сомду түзгөн. Бул фонд туруктуу өнүгүү жолуна түштү деп айтса болот.
Жаңы жумушчу орундар жана ИДПдагы үлүш
Ишкерлерди каржылык кепилдик берүү аркылуу колдоо аларга өнөктөш банктардан насыя алууга жол ачат. Аны менен катар эле социалдык маселе дагы чечилет – калкты жумуш менен камсыз кылуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана эскилерди колдоо. 2017-жылдын 31-майына карата 295 жаңы жумуш оруну түзүлсө, 628 жумуш орун колдоого алынган.
Үстүбүздөгү жылдын 31-майына карата берилген кепилдиктер ИДПнын (болжол менен 156 млрд. сом) 0,04 пайызын түзгөн.
Өнөктөш банктардын көрсөткүчү
“КФ” ААКсынын өнөктөш банктарынын сандарынын көрсөткүчү төмөнкүдөй:
Өнөктөш банктардын активдери жалпы банктык системанын активинин 46%ын түзөт.
Өнөктөш банктардын капиталы жалпы банктык системанын капиталынын 37%ын түзөт.
Өнөктөш банктардын насыялык портфели банк системасынын насыялык портфелинин 48%ын түзөт.
Өнөктөш банктардын кирешеси банктык системанын кирешесинин 78%ын түзөт
Өнөктөш банктардын филиалдары банктык системанын филиалдарынын 56%ын түзөт.
Маалымат үчүн:
“Кепилди фонд” ААКсы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы токтому аркылуу түзүлгөн. Кепилдик фонддун капиталы 282 млн сомду түзөт, анын 72 миллион сому мамлекеттик фонддон бөлүнгөн жана 210 млн сому Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн (3 млн. доллар).
Учурда республика боюнча төрт облуста (Кара-Балта, Каракол, Ош, Жалал-Абад, Кант шаарларында жана Ош облусунун Сарай айыл өкмөтү) 6 кепилдик фонд иш алып барат. Каракол фондунун иши Ысык-Көл облусу боюнча жүргүзүлөт.
Кепилдик берүүдөгү приоритеттүү багыттар төмөнкүлөр:
1) ар кандай өнүмдөрдү өндүрүү;
2) айыл-чарба жана айыл-чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү;
3) тигүүчүлүк тармак:
4) туризм;
5) экспортко жана импортко багытталган ишканалар. Кепилдик берүүнү максималдуу суммасы кепилдик фонддун капиталынын 10 пайызынан жана насыянын суммасынын 50 пайызынан ашпашы керек.
Кепилдик фонддордун укугу “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор тууралуу” мыйзамы аркылуу жөнгө салынат. Кепилдик фонддор системасын өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы токтому аркылуу 2020-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддорун өнүктүрүү концепциясы бекитилген.