Эксперт айдоочусу жок унаалар рынокто 10–15 жылдан кийин пайда болот деген пикирде, бирок унаа чыгаруучулар аны менен макул эмес.
Айдоочулары жок унааларды киргизүү робототехникалык иснтитуттардын планы. Эгерде бул модага айланып кете турган болсо, анда бул жаңычылык күч алган өлкөлөрдүн бийликтери адамдардын унаа айдоосуна тыюу салуулары ыктымал.
АКШнын транспорт министри Энтони Фокс бул пикирге кошулат жана унаанын жаңы түрүн киргизүү айдоочулук күбөлүк алуу процессин жоёт деген ойдо. Адамдар унаалардан баш тартып айдоочусуз такси кызматтарынан колдонуп калышат.
Изилдөөчу институттун жетекчиси Джилл Пратт автономдуулуктун 5-баскычына автомобиль жана IT индустриясында эч ким жакындай электигин билдирген.
Бирок ири компаниялар даярданып жатышат, мурун айтылгандай, алгачкы айдоочусуз унаалар 2018-жылы пайда болот.