2017-жылдын 24-апрелинде Экономика министри Эльдар Абакировдун катышуусунда “Бир айыл – бир өнүм” долбоору боюнча Координациялык комитеттин биргелешкен жыйыны болду. Анда Ысык-Көл облусунда ийгиликтүү ишке ашып жаткан “Бир айыл – бир өнүм” долбоорун мындан ары өнүктүрүү чаралары талкууланды.
Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында өнүмдүн белгилүү бир көлөмү менен камсыз кылуу үчүн коллективдүү цехтерди түзүлгөн. Учурда 800 түр өнүм өндүрүлүүдө.
2016-жылы сатуу көлөмү 16,8 млн. сомду түзсө, долбоор ишке ашкандан берки сатуу көлөмү 54,3 млн. сомго жеткен.
Долбоорго кол өнөрчүлүк, варенье жана сок чыгаруу, балчылык, сүт азыктарын өндүрүү сыяктуу ар түрдүү өңүм тармагында иштеген 1700 адам тартылган.
Мындан сырткары 2016-жылдын жыйынтыгында JICAнын колдоосу менен Экономика министрлиги тарабынан ишке ашып жаткан БАБӨ долбоору учурда ар кайсы өлкөлөрдө ишке ашырылып жаткан ийгиликтүү долбоорлордун катарына кирген.
Буга байланыштуу долбоордун алкагында Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) техникалык колдоосу менен республиканын аймактарында талааларды изилдөө пландалууда. Бул Ысык-Көл облусундагы БАБӨ долбоорун башка аймактарга дагы жайылтуу үчүн ишке ашырылмакчы.