Государственная регистрационная служба передала Соцфонду контактные считывали биометрических данных
Соцфонддун 2016-жылга болгон отчёту Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, 2016-жылдагы көрсөткүчтөр каралды. Социалдык фонддун жалпы кирешеси 2016-жылы 44 млрд 700,4 млн сомду, чыгашасы 42 млрд 312,3 млн сомду түзгөн.
2015-жылга салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 3019,1 млн сомго же 107,2 %га жогорулаган.
Аида Касымалиева: В горных районах начали получать детское денежное пособие в 7 тысяч сомов
ИДПнын көлөмүнө карата Социалдык фонддун бюджетинин кирешеси 9,8%ды түзгөн.
Такталган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 2016-жылы 26 млрд 558,4 млн сом же пландалган сумманын 103,7%ын түзөт. Өткөн жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 110,3%га же 2 млрд 471 млн сомго жогорулаган.
Пенсионная система КР: как обеспечить свою старость?
16 млрд 93 млн сом 2016-жылга карата республикалык бюджеттен каралган.
Паспортному бизнесу в КР пришел конец?
Туумдардан жана айыппулдардан, ошондой эле фонддун эсебинде калган каражаттын пайызынан, дивиденддерден жана башка булактардан 231,1 млн сом киреше алынган.
Ал эми 2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы бюджеттин чыгымы 2 млрд 562,5 млн сомго же 106,4%га жогорулаган. ИДПнын көлөмүнө карата Социалдык фонддун бюджетинин чыгашасы 9,2%ды түзгөн.
Пенсиялык фонд боюнча чыгымдар 38913,3 млн сом болуп, 2015-жылга салыштырмалуу 2279,6 млн сомго жогорулаган. Бул пенсия көлөмүнүн жогорулаганына байланыштуу болгон.