• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

2011-жылдан бери болгону 73 миң 2 жүз 37 кардар насыя алууга жетишти

korporatsiya-ayu-65

👁 1,359

Жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча долбоор иштелип жатат. Ишкерлерге жеңилдиктерди түзүү максатында бул долбоордо 20 айылга каралган. Мындай билдирүүнү Өнөр жай, энергетика жана жер казыналары боюнча мамлекеттик комитеттин жеңил өнөр жай бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулова ырастады.

Анын айтымында, Кыргызстандын өнөр жай тармагы БУУнун туруктуу өнүктүрүү программасына кирди. Бул стратегиялык документтерди иштеп чыгууда кеңеш алууга, долбоорлорду ишке ашырууда донорлук уюмдарды табууга жардам берет. Анткени өндүрүш үчүн коммуникация, жол маселеси чоң мааниге ээ.

Эксперттердин белгилегендей, Кыргызстанда өнөр жайдын тамак-аш, текстиль, энергетика жана туризм секторун өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт.

«Аталган төрт багыт орто аралыкка тандалып алынган. Узак мөөнөттүү өнүгүүгө башка тармактар изилденип жатат. Атынды түз колдонуу маселеси боюнча өкмөткө кайрылабыз. Экономика министрлиги менен чогуу экономикалык зона, өнөр жай парктарын куруу боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат,» — дейт Садамкулова.

Маалыматка ылайык, өнөр жайдын 46 пайызын металлургия, 15%ын энергетика тармагы, 13%ын тамак-аш өндүрүшү жана 8 пайызын курулуш материалдары түзөт. 2017-жылы өлкөдө 231 млрд сомдук өнөр жай продукция өндүрүлүп, 101%га өсүш болгон. Жалпы ИДПнын 19 пайызын түзгөн.
Мында тышкары Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги дыйкан, фермерлерди колдоо багытында жыл сайын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагындагы кызматтарды өнүктүрүүгө кам көрүп келет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору бекитилет. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Кериалиев билдирди. Кермалиевдин айтуусунда,Токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан сунушталат, жана ал токтомдун долбоорун макулдашуу учурунда Айыл чарба министрлиги өз сунуштарын берет.

Министрликтин сунуштары көбүнчө коммерциялык банктар тарабынан берилип жаткан насыялардын жылдык пайыздарын төмөндөтүү, пайыздарды төлөө мөөнөттөрүнө жеңилдик берүү, тармактар боюнча кредиттик ресурстардын минималдуу жана максималдуу өлчөмүн аныктоо, насыяны кайтаруу мөөнөтүн тармактар боюнча өз өзүнчө карап, мүмкүн болушунча узартуу ж.б. сунуштарды берип келүүдө.

-“Дыйкан фермерлерди жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо насыянын көлөмү жыл сайын жогорулаганы менен болгону 2011-жылдан бери 73 миң 2 жүз 37 кардар насыя алууга жетишти. Бизде 350.0 миңден ашык айыл чарба субүектилери бар. Демек, толук камсыздоо боюнча дагы иштер жүргүзүлүшү керек. Кыргыз Өкмөтү, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бул багытта такай иш жүргүзөт”-дейт Ж.Кермалиев.

Маалымат ирээтинде:

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги берген маалымат боюнча 2011 — 2012 жылдары «Доступные кредиты фермерам» деген долбоор мамлекет тарабынан кабыл алынып, ишке ашырылган. 2013–2014-2015–2016-2017-жылдары бул долбоордун уландысы катары «Айыл чарбасын каржылоо-1, 2, 3, 4, 5»долбоорлору ишке ашырылды. 2018-жылга «Айыл чарбасын каржылоо-6» долбоору боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн токтому даярдалып, кабыл алынды. 2011–2017 жылдар аралыгында 73 миң 2 жүз 37 субүект жеңилдетилген насыя алды. Анын 62 миң 4 жүз 51 мал чарбасында эмгектенген фермерлер, 10 миң 83 жер иштеткен дыйкандар, 703 кайра иштетүүдө жана кызмат көрсөтүү тармагындагы ишкер адамдар алышты.

Бул долбоор коммерциялык банктар тарабынан ишке ашырылып жатат, ошондуктан кайрылгандардын саны жана канчасы ала албай калганы жөнүндө так маалымат министрликте жок, коммерциялык банктарда болушу мүмкүн экенин билдиришти.

2018 жылы да дыйкандарды фермерлерди жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо улантылат. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №92 токтому менен ФСХ-6 долбоору 2018 жылдын 14 февралында кабыл алынган.

Жаңы долбоордо артыкчылыктуу багыттар кайра иштетүү, мөмө бактарын өстүрүү жана асыл тукум малды өнүктүрүүгө көңүл бурулду, аларга бериле турган насыянын жылдык пайызы 6–8 пайыз болуп киргизилди.

Наргиза Өмүрбек кызы

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости