Кыргыз тоо-металлургиялык комбинаты ачылганы, 1938-жылы негизделген бул шаар тибиндеги поселок ал комбинат токтогондон кийин “өлүк” аймакка айланды. Учурда бул кыштакка кирериң менен байкалат. Ал жактагы “Ак-Түз” деген жазуунун артында СССР учурунда белгилүү болгон фабрикалардын бош турганын көрүүгө болот. Анын тушунда жолдун наркы бетинде аска бетинен оюлуп жасалган кенге кетүүчү жолду көрүүгө болот.
Баардыгы ал учурда тоо-кен иштетүүчү өнөр-жайы үч нөөмөт менен токтоосуз иштегенин айтып келишет. Ак-Түз өндүрүшүнүн ири болгонун мындан билиңиз, мамлекет аны вахталык кылган эмес. Бул демек, вахталык болсо адамдар бул жерде убактылуу курулган жайларда түнөп, иштеп бүткөн соң үйлөрүнө кетишмек. Мамлекет болсо бул жерге шаар тибиндеги поселокту курууну чечкен. Ал жерде жашагандардын баары сейрек кездешүүчү металлды казуу менен алек болушкан. Советтер Союзу урагандан кийин кендеги иштер токтоп, фабрика жабылып калган, адамдар болсо бул жерден кетүүгө аргасыз эле. Ошентип кыштак кунарсыз боло баштаган.
1994-жылы Ак-Түздөн элди көчүрүү долбоору да пайда болгон, көпчүлүгү Орусияга кетүүгө даярданышкан, бирок программа ишке кирген эмес. Бул жерде кандайдыр бир себептер менен кармалып калгандар чет жакка кеткен жакындарынын акча которуусун күтүп жашашат. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерде бир нече жумуш орундары бар.
Көптөгөн жылдардан бери биринчи жолу адамдар ичүүчү сууну тундурбай эле колдоно башташты. “200 куб метрлик атайын резервуарлар курулган. 400 куб метр суу кум-таштан тазаланып, таза суу келип турат”,-дейт жергиликтүү тургун Зарылбек Курманалиев.
Жергиликтүү тургун Мурат Молдожунуевдун айтымында, поселоктун аймгында 1,5 миңге жакын майда жандык жана 400 ири мүйүздүү мал, 130 жылкы, 400 тоок, өрдөк, үндүк бар. Ошол эле Орусия бөлгөн каражатка малды санитардык тазалоо үчүн Беккер аңдары курулган. Бул инфекциялык ооруладын жайылуусунун алдын алып, эпизоотикалык абалды жакшыртат, ошондой эле мал өлүмүн азайтат. Мурат Молдожунуев белгилегендей, азыр малды каттоо жүрүп жатат, ошондуктан оорулуу малды алдын ала билүү зарыл.
20 жылдан кийин бала бакча иштей баштаган. 1951-жылы курулган бала бакчанын алгач өтө ураган жерлери оңдолгон, бирок эмерек сатып алууга бөлүнгөн гранттан каражат жетпей калган. Бала бакчанын башчысы Гүлнара Дүйшекееванын айтымында, Орусиянын жардамы менен ашкана жабдуулары, суу жылытуучу жабдуу, муздаткыч, электр мештери, балдардын керебеттери, шкафтар сатылып алынган. Жылытуу системасы оңдолгон. Бала бакча 2 жаштан 7 жашка чейинки 70 балага ылайыкталган. Балдар үч топто тарбия алышат. 800 калкы бар айылга бул бала бакча жетиштүү, учурда Ак-Түздө 100гө жакын мектеп курагына чейинки балдар бар.
Аны баары ардактап, өзгөчө мамиле кылып турушат, аталган мектепти бүткөндөр дайыма колдоосун көрсөтүп келишет, арасында чет жакта жүргөндөр да жок эмес. Жакында эле поселок мектептин 70 жылдыгын белгиледи. Мектеп директору Медетбек Конуровдун айтымында, бул майрамга абдан даярданышкан: донорлордун жардамы менен заманбап компьютерлер алынып келинген жада калса кенже класстар үчүн телевизорлор да орнотулган, ошондой эле программалык камсыздоосу бар 3 интерактивдүү доска да бар, мектептин 2 дааратканасы оңдолуп, суу жылытуу үчүн аристондор коюлган, ошондой эле тамак берүү программасын оптималдаштыруу жүрүүдө.
Мурунку инженер-куруучу, учурда пенсионер Нурмат Мусатиров жергиликтүү администрация райондогу эң мыкты администрация болуп аталганын билдирди. Орусиядан келген гранттын жардамы менен “Бирдиктүү терезе” принциби менен калкка муниципалдык кызмат көрсөтүлүп келет: Ак-Түз айыл өкмотүнүн имаратында калкты тейлөөчү бирдиктүү кабыл алуу жайы иштейт. Бул адамдардын убактысын жана ресурстарын үнөмдөйт.
Ирина Байрамукова