Алар негизинен эт жана сүт азыктарын өндүргөн ишканалар. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 28 ишкананын ичине 20сы гана Орусияга өнүмүн ташый алышат. Алар термикалык жактан иштелип чыккандан кийин гана ташыла баштайт. Эттен сырткары балык өнүмдөрү дагы бар. 25 ишкана болсо Казакстандын түштүк облустарына гана сүт азыктарын ташый алышат.
Кыргызстанда өндүрүлгөн балык дагы коңшу Казакстандын бардык аймактарына ташыла берет.
ЕАЭБдин бирдиктүү тизмесине сертификат берүү боюнча 11 жана 33 текшерүүчү лабораториялар киргизилген. Бул абдан чоң жетишкендик, себеби алар ЕАЭБдин бирдиктүү үлгүсүндөгү сертификаттарды беришип, өнүмдүн ЕАЭБдин бирдиктүү үлгүсүнө туура келээри тууралуу декларацияны каттай алышат.
Эске сала кетсек, кыргыз экономикасынын адаптация болуусу үчүн 2 жыл берилген.
Ошондой эле ЕАЭБге киргенден кийин Кыргызстандын экономикасы бир топ өскөнүн белгилей кетели.