World Wi-Fi — бул блокчейн-платформа. Ал роутер ээлерин, жарнама берүүчүлөрдү жана колдонуучуларды байланыштырып турат. Роутер ээлери бекер Wi-Fi таратуу менен жарнама берүүчүлөрдүн ар бир жарнамасы колдонуучулар тарабынан көрүлгөнүнөн улам криптовалюта алып турушат. Сервис колдонуучулардын активдүүлүгү тууралуу анализ жүргүзүп турат. Компаниялар тууралуу маалыматтар Ethereum блокчейнинде жазылып турат.
Платформанын алкагында эсептешүүчү каражат WeToken (WT) болот. 1WT алуу үчүн World Wi-Fi платформасынан 10 жарнама көрүү керек. Токендерди криптобиржада сатып же платформадан жарнама сатып алса болот.
Долбоор адамдар жашаган баардык жактарга жогорку ылдамдыктагы Wi-Fi таратуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Ура! Ура! Эми бизди интернет менен камсыз кылып жаткан компаниялар кызмат көрсөтүүнү жакшыртышат.
Булак:cossa.ru