2018-жылдын июнь айында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 12 млрд 529 млн 353 миң сом суммасында жүзөгө ашырылды.
Көрсөтүлгөн суммадан бюджеттик мекемелерде иштегендердин маянасына 4 млрд 184 млн 440,4 миң сом;
элге социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 689 млн 726,2 миң сом;
социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 4 млн 518,6 миң сом бөлүндү.
«Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча чыгымдар 1 млрд 78 млн 918,1 миң сомду түздү. Мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 1 млрд 934 млн 944,6 миң сом жумшалды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.