Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-майда «Centerra Gold Inc.» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өткөн жылдын 11-сентябрында кол коюлган Стратегиялык келишимге байланыштуу маселелерди талкуулады.
Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын активдеринин негизин түзгөн «Кумтөр» долбооруна жараша, ал дүйнө жүзүндөгү ири кен өндүрүүчү компаниялардын катарына кирээрин белгиледи.
«Өкмөт өлкө экономикасындагы «Кумтөр» долбоорунун маанилүү ролун түшүнөт. Ошондой эле бул долбоор коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп тураарын, буга байланыштуу тараптардын бардык сүйлөшүүлөрү жана кабыл алынган чечимдер ачык-айкын жана коомдун кызыкчылыгы үчүн иштеши тийиштигин белгилей кетүү керек. Биз «Центерра» компаниясынын жетекчилигинин Кумтөр» долбоорун ачык башкаруу тутумун түзүү жана жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүү боюнча жасаган кадамдарын колдоого алабыз. Буга катар инвестициялык долбоорду ишке ашыруу алкагында айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык өнөктөштүк маселелери боюнча белгилүү жыйынтыктарга жетишүү зарыл», – деп белгиледи Абылгазиев.
Өз кезегинде Скот Перри Кыргыз Республикасынын жана компаниянын Директорлор кеңешинин позициясын жакындатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.