КР ЖК Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош базарында жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында болгон өрт боюнча экспертизанын жыйынтыгын ыкчамдатып, калыбына келтирүү жумуштарын баштоо зарылдыгын билдирди.
Ушу тапта Бишкек шаарындагы Ош базарында жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында болгон өрттөрдүн чыгуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу чараларынын жүрүшү жөнүндө Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору даярдалып жатат. Ал адегенде тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлүп, андан кийин парламент трабынан кабыл алынат. Бул тууралуу спикер Дастанбек Жумабеков өрттүн келип чыгуу себептери жөнүндө маселе өкмөт мүчөлөрү менен кырсыктан жабыр тарткан жарандардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралып жатканда айтты.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы баарыдан мурда өрт боюнча экспертизанын жыйынтыгын ыкчамдатып, иш орундарын калыбына келтирүү жумуштарын баштоо зарылдыгын баса белгиледи.
«Азыр жабыр тарткан жарандарыбыздын кабыргасы кайышып турат. Алардын карызы көбөйдү, насыяларды төлөө маселелерин чечиш керек. Атайын штаб түзүп, өрттөн жабыркагандар менен бирге кырсыктын кесепеттерин жоюу жаатында алгылыктуу чараларды көрүү зарыл. Бири-бирине шылтабай, Өкмөт жоопкерчиликти өзүнө алсын. Жогорку Кеӊеш токтомдун аткырылышын көзөмөлгө алат, жеке өзүмдүн да көзөмөлүмдө болот», — деп, ал өз сөзүн жыйынтыктады.