№18-кесиптик лицей жеңил өнөр-жай боюнча адистерди даярдоодо мыкты үлгү болуп келет. Орто жана башталгыч кесип боюнча билим берүү агенттиги кесиптик билим берүү тармагы боюнча эл аралык уюмдар жана долбоорлор менен тыгыз иштешип келет.
“Кесиптик билимдин жогорку билимден эң башкы айырмачылыгы балдар бекер окууга, жатаканада жашоого жана практика өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Кесиптик лицейлер иш берүүчүлөр менен кызматташып келишет, практика өтүү үчүн тигүүчү цехтер менен эки тараптуу келишим түзүшөт. Эрежеге ылайык, окуу процессинин 60%ы өндүрүштө практика жүзүндө өтөт”,- деди Орто жана башталгыч кесип боюнча билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов.
№18-кесиптик лицейдин директору Бакыт Малдыбеков алардын окуу жайына тапшырууну каалагандардын саны жыл санап өсүп жатканын белгиледи. 1 орунга 5 адам ат салышат, аны менен катар эле окууга кирүү үчүн экзамендер жүргүзүлөт.
Мындан сырткары бул жерде угуусу жана сүйлөөсү жагынан майыптарга атайын класс даярдалган. Алар менен психолог, тарбиячы жана өндүрүш мастерлери иш алпарышат. Балдар толугу менен окушуп, жогорулатылган стипендия алышып, бекер жашоо жана тамактануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Ошондой эле Баштапкы жана орто билим берүү агенттиги, Азия өнүктүрүү банкынын “Кесипкөй окуу жана тажрыйбаларды өнүктүрүү” долбоору жана Тажрыйбаларды өнүктүрүү фонду бекер кыска мөөнөттүү курстарды өлкөнүн бардык аймактарында уюштурган.
Маалымат.
Жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен кесиптик лицейлерде 28 миң адам билим алат жана ишканалардын жана уюмдардын суранычы менен кыска мөөнөттүү окууда 10 миң адам билим алат. Кесиптик лицейлерде 100дөн ашуун адистик боюнча билим берилет. Жалпы 3500 мугалим эмгектенет.