КРнын премьер-министри Кыргызстандын ЕАЭБдин курамына кирүүсүнө байланыштуу техникалык жардам көрсөтүү катары 100 млн АКШ долларын бөлүү боюнча макулдашууну ратификациялагандыгы үчүн Казакстан тарапка ыраазычылык билдирди.
Бул Кыргызстандын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин жолугушуусунда ишке ашты.
Мындан сырткары жолугушуу учурунда Жээнбеков Казакстан өкмөтүнүн башчысын кыргыз делегациясынын Астана шаарында кубанычтуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирди. “Алдыда боло турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын ийгиликтүү өткөрүп алууңуздарды каалайм. Сизди казак элин Астана шаарында эл аралык адистештирилген ЭКСПО-2017 көргөзмөсүн ийгиликтүү өткөрүүсү менен куттуктайм”,-деди С.Жээнбеков.
Өз кезегинде Сагинтаев Кыргызстандын аймагындагы курорттук зоналарга эч кандай тоскоолдуксуз туристтерди өткөрүүгө бардык шарттар түзүлүп жатканына ыраазычылык билдирди.
Тараптар «Ак-Тилек – автодорожный» жана «Кара-Суу» көзөмөл өткөрүү пункттарын бириктирген көпүрөнү биргеликте куруу боюнча сүйлөшүштү. Ошондой эле жакында «Кең-Булун – автодорожный» жана «Токмок – автодорожный» көзөмөл өткөрүү пункттары көп тармактуу кылып статусун өзгөртүү тууралуу талкуулашты.
Мындан сырткары тараптар ортосунда мамлекеттик чек араны тактоо жана аныктоо боюнча келишимдин долбоору талкууланып бүттү. Ага жакын арада кол коюу пландалууда.
Премьер-министр Жээнбеков Кыргызстанга сырттан келген түз инвестициялар боюнча Казакстан алдыңкы орунда турарын белгиледи.
Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев эки тараптуу актуалдуу маселелерди чечүү үчүн, эки тарап тең түшүнүү менен мамиле жасап, алдыга жылууга кызыкдар экенин билдирип, Сооронбай Жээнбековго президенттик шайлоодо ийгиликтерди каалады.